AUCA the best 2

2025-11-05

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Жапаров Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда, Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

99267_730x0.730x0.jpg

Кайрылуунун текстинде төмөнкүдөй деп айылат:

«Урматтуу афган согушунун катышуучулары!

Салтка айланып калгандай эле, биз ар жылдын 15-февралында афган жериндеги согушта курман болгон интернационалист жоокерлерди эскерүү күнүн белгилейбиз.

Афган согушу 9 жыл, 1 ай жана 19 күнгө созулган. Бул жылдарда Афганистанда Советтик армиянын 620 миң аскерлери, алардын ичинде жети миңден ашуун кыргызстандыктар өз милдетин өтөшкөн.

Кайратмандыгы, эрдиги жана каармандыгы үчүн эки жүз миңден ашык аскер кызматчылары, жумушчулар жана кызматчылар СССРдин орден, медалдары менен сыйланышкан. 66 аскер кызматчысы Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болушкан. Алардын ичинде биздин эки жердешибиз Сергей Гущин менен Юрий Исламов да бар.

Интернационалист жоокерлер согушуп эле тим болбостон Афганистанды калыбына келтирип, азык-түлүк, медициналык каражаттар менен камсыздашып, социалдык объекттерди курушкан.

Афганчы-жоокерлер бүгүн дагы өзүнүн жарандык милдеттерин ар-намыстуулук менен аткарышып, өлкөбүздүн ардагердик кыймылынын өнүгүшүнө салымдарын кошуп келишет. Алар өздөрүнүн куралдаш жолдошторуна жардам көрсөтүү боюнча алгылыктуу иштерди аткарып, патриоттук иштерди алып барышып, Мекенди коргоочулардын жаш муунун даярдап жатышат.

Советтик аскерлердин чектелген контингентинин Афганистандан чыгарылышынын 32 жылдыгына карата бардык интернационалист ардагерлерге, алардын туугандарына жана жакындарына бекем ден соолук, бакубат турмуш жана ийгиликтерди каалайм».

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2