Маданият
“Ала-Арча” көрүстөнүндө Болотбек Шамшиевдин эстелиги ачылды

“Ала-Арча” тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, драматург, кинематограф Болотбек Шамшиевдин эстелиги ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
Ала-Арча көрүстөнүндө Болотбек Шамшиевдин эстелиги ачылат

5-июлда Ала-Арча көрүстөнүндө белгилүү кинорежиссер, СССРдин жана Кыргызстандын эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Болотбек Төлөнович Шамшиевдин эстелигин ачуу аземи болот.
Караколдо өткөн этно фестивалда Ош шаары алдыңкы орундарга татыды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Жолболду уулу Садыр Акенин 200 жылдык, Байсары уулу Кыдыр Акенин 180 жылдык мааракелерине арналган "Улут баскан улуу жол" аттуу IV этно фестивалынын алкагында өткөн кароо -сынактарда Ош шаары байгелүү орундарга ээ болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгына конкурс жарыяланды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга конкурс жарыялады. Ведомстводон билдиришкендей, документтер 2023-жылдын 10-августуна чейин кабыл алынат.
Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

Кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык көрүү жана 95 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан уюштуруу комитети түзүлдү.
Руслан Акун жаңы тасма тарта баштады. Башкы ролдо Айтурган Темирова

Башкы ролду КРдин эл артисти Айтурган Темирова аткармай болду. Ал жаңы тасманын сценарийине жогору баа берди. Комедия жанрындагы фильм “Салам, Европа” деп аталат.
Бишкекте Айтматов менен Бейшеналиеванын сүйүү баянын чагылдырган спектакль көрсөтүлөт

21-22-июнь күндөрү Б.Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында Чыңгыз Айтматов менен Бүбүсара Бейшеналиеванын сүйүү баянын чагылдырган "Чыңгыз менен Бүбүсара" спектакли көрсөтүлөт.
Самыйбек Игембердиевге арналган китептин бет ачары болду

Геология тармагынын атактуу ишмери Самыйбек Игембердиевге арналган "Улуу тоонун уулу" аталышындагы китептин бет ачаары болду. Иш-чара геологдордун күнүнө арналды.
Белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгы белгиленди

Кечээ, 23-апрелде, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Баткенде “Салттуу музыка күнү” жана “Достук” фестивалы өтүүдө

Баткенде “Салттуу музыка күнү” жана “Достук” эл аралык фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Бишкекте “Ак–Мөөр” опера-дастанынын премьерасы өтөт

2021-жылдын 17-апрелинде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти Жумакадыр Каныметовдун “Ак–Мөөр” опера-дастанынын премьерасы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Бексултан Алимбеков: Максатым угарманга жүрөктөгү сүйүүмдү билдирүү

Бексултан Алимбеков - жаш ырчылардын арасынан ар дайым жандуу үнгө басым жасаганы жана өзүнүн ырчылык дареметинин өзгөчө болгону менен айырмаланып турат. Анын «ырдайм жаштыкта» чыгармасы коомчулукта жылуу кабыл алынды. Каарманыбыз акыркы жылдары Түркия өлкөсүндө жашап, эмгектенип жатканына карабай, чыгармачылыгын калтырбай улантып келе жатат. Бүгүн биз Бексултан Алимбековдун өмүр жолу, чыгармачылыгы жана акыркы жаңылыктары жөнүндө кеп кылмакчыбыз.
Б. Алимбеков Түркияда өтө турган 10 долбоордо өлкө намысын коргойт

Б. Алимбеков 2021-жылы Түркияда өтө турган 10 долбоорго чакыруу алды. Аталган иш-чараларда Кыргызстандын атынан катышып, түрк тилиндеги ырларды аткарат. Бул тууралуу Бексултан Алимбеков KEREEZ.KGге билдирди.
Бексултан Алимбеков эл аралык сынакта биринчи орунду багындырды

Бексултан Алимбеков эл аралык музыкалык онлайн сынакта биринчи орунду багындырды. Аталган онлайн музыкалык жарыш вокал багыты боюнча түрк тилдүү өлкөлөрдүн таланттары ортосунда болгон. Бул тууралуу ырчы, Бексултан Алимбеков KEREEZ.KGге билдирди.
Кыргызстан жана Өзбекстан тарткан “Делбирим” тасмасы ютубга чыкты

Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде тартылган “Делбирим” көркөм тасмасы ютубга жүктөлдү.
АК КЕМЕ: УЛУУ ИНСАНДАР ЖАРАТКАН ШЕДЕВР

"Ак кеме" тасмасы – терең философиялык идеяны камтыган мазмун жана ошол мазмунду жеткире билген мыкты режиссёрдук иш. Ушундай жөнөкөй формуланын негизинде тартылган тасманы бир гана сөз менен аныктаса болот – шедевр. Башкача айтканда, «Ак кеме» – улуу адамдардын колунан жаралган улуу тасма.
Бишкекте кинотеатр жана көңүл ачуучу жайлар иштей баштады

Бишкекте кинотеатр, фуд-корт жана компьютердик клубдар ишин жандантты. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат жыйынында вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.
Маданият кызматкерлери кандай шарт менен бекер үй ала алышат

Маданият кызматкерлерин акысыз турак жай менен камсыз кылуу иштерин башталганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады. Министрлик менен «Бренд Хаус» курулуш компаниясынын ортосунда акысыз батир берүү боюнча келишим түзүлдү. Ага 11-ноябрда Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков жана «Бренд Хаус» компаниясынын башкы директору Нурлан Эшбаев кол коюшту.
Дөөлөт Сыдыков Гиннес китебине каттатуу үчүн "Манас" айтып жатат

Манасчы Дөөлөт Сыдыков «Гиннес» рекорддор китебине кирүү үчүн «Манас» айтып жатат. Иш-чара саат 09:00дө борбордук «Ала-Тоо» аянтында башталды.
Саламат Садыкова: “Акыйкат сөзүн айткан замандаштар аман болгула!”

Кыргыз Эл артисти, ырчы Саламат Садыкованын “Нарын менен Ат-Башы кытайлашып кеткен” деп айтканы социалдык тармактарда чоң талкууга түшкөнү маалым. Бул сөзү үчүн ырчы алардан кечирим сураган.
Борбиев менен Усенов шайлоого катышуудан баш тартышты

Буга чейин ырчы мырзалар “Мекеним Кыргызстан” партиясынын съездине делегат катары катышышкан.
Коронавирустан улам «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи эки айга жылдырылды

2021-жылы 28-февралда өтүшү керек болгон «Оскар» киносыйлыгын тапшыруу аземи эки айга, 25-апрелге жылдырылды.
Рим Колизейи туристтерге эшигин ачты

Дүйшөмбү күнү Рим Колизейи коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу максатында жабылган соң үч айдан кийин өз ишин кайрадан жандантты. Колизейдин аймагына кирүү антисептик жана беткап бар болгондо гана мүмкүн болот.
Музей кызматкерлеринин маянасы 80% көтөрүлдү

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тутумундагы музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылды. Бул маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу максатында жасалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирет.
Коронавирус: "Заражение" тасмасы эң көп көрүлгөн фильмдер тизмесине илинди

Акыркы бир нече жума ичинде “Заражение” тасмасы интернетте эң көп көрүлгөн фильмдердин катарына кирди. Анда коркунучтуу вирус тууралуу баяндалат.
27 февраля по 14 марта будет проходить выставка живописи группы ALMALINE

С 27 февраля по 14 марта 2020 года в КНМИИ будет проходить выставка живописи группы ALMALINE. Открытие 27 февраля в 15:00.
Зимой 2020 года с 3 по 12 января в поселке ШАБДАН горной долины ЧОН КЕМИН была проведена 8-ая зимняя сессия пленэрной живописи АРТКАНА!
Сериал тартуу үчүн 30 млн сом бөлүндү

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тематикалык телесериалдар түрүндө улуттук аудиовизуалдык продукцияларды түзүү үчүн 30 млн сом бөлүндү.
“Муз жүрөк 2” мультфильми 1,5 миллиард долларга жакын киреше алып келди

Walt Disney студиясы жараткан “Муз жүрөк 2” мультфильми дүйнөлүк кинематография тарыхындагы эң кирешелүү тасма аталды.
"Оймо" эл аралык фестивалы Караколдо өтөт

"Оймо" эл аралык фестивалы Кыргызстанда 13 жылдан бери өткөрүлүп келет. Жарманке адатта жай айларында Бишкек шаарында башталып, Ысык-Көлдүн жээгинде уланып келген.
“Кеч болсо да берилиши керек!”. Коомчулук Болот Шамшиевге КРдин Баатыры наамын берүү керектигин билдирүүдө

“Кыргыз кереметин” жаратуучуларынын бири, кыргыздын чыгаан кинорежиссёру, КРдин жана СССРдин эл артисти, залкар инсан Болот Шамшиевге Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы берилиши керектигин коомчулук билдирүүдө.






