AUCA the best 2

2024-04-25

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Маданият

Маданият кызматкерлери кандай шарт менен бекер үй ала алышат

Маданият кызматкерлерин акысыз турак жай менен камсыз кылуу иштерин башталганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады. Министрлик менен «Бренд Хаус» курулуш компаниясынын ортосунда акысыз батир берүү боюнча келишим түзүлдү. Ага 11-ноябрда Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков жана «Бренд Хаус» компаниясынын башкы директору  Нурлан Эшбаев кол коюшту.

Келишимге ылайык аталган компания үч жыл ичинде курулуп жаткан объектилердин ар биринен акысыз бир бөлмөлүү бирден батир берүүгө милдеттенет.

Тандоо процедурасы:

  • Эки тарап түзгөн атайын комиссия турак жайга муктаж болгон талапкерлердин тизмеси менен протокол түзөт. Протоколго кирген кызматкерлердин арасынан чүчүкулак тартуу принциби боюнча эки кызматкер тандалат.
  • Тандоо «сокур чүчүкулак» түрүндө өткөрүлүп, кызматкерлердин катар номерлерине туура келген сандары бар, тунук идишке аралашкан шарлар лот катары колдонулат.
  • Батирдин биринчи ээсин аныктоо алгач «Бренд Хауска», экинчиси министрликке таандык болот.
  • Батирлерди бөлүштүрүү боюнча чүчүкулактын протоколуна эки тараптан эки же андан көп өкүл кол коёт.

Турак жайга катышуучулар үчүн тандоо критерийлери:

  • Катышуучунун жашы турак жай алган учурда 30-65 жашка чейин болушу шарт;
  • Жалпы эмгек стажы кеминде 5 жыл же азыркы иштеген жериндеги иш стажы кеминде 3 жыл (маданият тармагында 5 же андан ашык жыл иштеген катышуучуларга артыкчылык берилет);
  • Катышуучунун, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке турак жайы жоктугу эске алынат;
  • Арыз берилген күнгө чейинки акыркы 3 жыл ичинде турак жай менен кандайдыр бир жарандык бүтүмдөрдүн жоктугу каралат.

Турак жайга артыкчылыктуу укук төмөнкүлөргө берилет:

  • 5 же андан көп балалуу үй-бүлөлөргө;
  • майып балдары бар ата-энелерге же майып балдарды асыроого алган адамдарга;
  • 3 жана андан ашык баласы бар жалгыз бой энелерге;
  • 1-2-3-4-топтогу майыптарга;
  • жеке турак жайы жана жер тилкеси жок, маданият, искусство жаатында иштеп, эл аралык фестивалдарда, сынактарда байгелүү орундарды ээлегендерге.

Эскерте кетсек, катышуучунун соттуулугу жок болушу керек.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2