AUCA the best 2

2024-03-28

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Маданият

Бексултан Алимбеков: Максатым угарманга жүрөктөгү сүйүүмдү билдирүү

Бексултан Алимбеков - жаш ырчылардын арасынан ар дайым жандуу үнгө басым жасаганы жана өзүнүн ырчылык дареметинин өзгөчө болгону менен айырмаланып турат. Анын «ырдайм жаштыкта» чыгармасы коомчулукта жылуу кабыл алынды. Каарманыбыз акыркы жылдары Түркия өлкөсүндө жашап, эмгектенип жатканына карабай, чыгармачылыгын калтырбай улантып келе жатат. Бүгүн биз Бексултан Алимбековдун өмүр жолу, чыгармачылыгы жана акыркы жаңылыктары жөнүндө кеп кылмакчыбыз.

fa3662b9-f8cc-4a61-8598-35ecb55ca8bf.jpg

Саламатсыңбы,  Бексултан! Кандайсың? Сен жөнүндө кандай маалыматтарга ээ боло алабыз бүгүн? Алгач сөз башынан болуп өзүңдү тааныштыр.

         Саламатсызбы, жакшы шүгүр рахмат. Дайыма жакшы деп башканын жана өзүңдүн ичиңди жылытып турган кандай жакшы ээ. Анын сыңарындай мен да жакшымын азыр. Мүмкүн баары жакшы болгондугу үчүн дагы маек берип жаткандырмын. Бүгүнкү маек кандай болорун менин маанайымдан эле алдын ала сезип коет элем, азыр маанайым жакшы демек маек да жакшы болот. Айтор баары жакшы болсун.

         Мен Бексултан Алимбеков Ош областына караштуу Кара суу районунун Тельман деген берекелүү айылында жарык дүйнөгө келгем. Апам мени 1995-жылы 14-сентябрда төрөгөндүгүн, бирок төрөтканага 11-сентябрда барып, 3 күндөн ашуун толгоо тартканын айтып калат. Дайыма туулган күнүмдө сени ошол күнү саат:16:10дө төрөгөм деп менин туулган күнүм жөнүндө көп айтып берет. Ичтен албетте таасирленесиң, себеби апам мени жалгыз өстүрдү. Атам менен апам эл катары турмуш куруп, эки сүйүүнүн ортосунан мен жаралдым. Атам жана апамдын ОшМУнун Филология факультетинде окуган кездериндеги сүйүү каттары дагы деле үйдө сакталуу. Кичинемде түшүнсөм түшүнбөсөм деле ал каттарды ачып алып, эч ким жокто окуй берет элем. Кийинчерээк ал адатымды таштап, башка иштер менен алек болуп баштадым. Качан 11-классты аяктап жатканда гана ачып окуганым эсимде, түрдүү сезимдер камтылган кара сөз түрүндөгү текст, сүйүү ырлары, айтор узун-узун каттар. Тилекке каршы ал каттар узун-узун болгону менен атам менен апамдын турмушу узун болгон жок. Каттар айрылбай азыркыга чейин сакталганы менен, мен 3 жаштан өткөн кезимде атам менен апамдын жолдору эки башка жака айрылды. 3 жашымда жашоону жаңыдан таанып жаткан кезимде турмуш экөөн ажыратты. Адамдар бул сыяктуу нерселерди турмуш, тагдыр деген шылтоону айтып гана тим болот эмеспбизби, мен да ошентип азыр да турмуш деп жооруп коемун...

         1-класска апам (ред. Аманова Жыпаргүл) жетелеп мектепке алып барып 2002-2013-жыл арасында орто мектепте билим алдым. Анан ар бир окуучунун, ар бир бүтүрүүчүнүн “ келечекте ким боломун, кайсы кесиптин ээси боломун?” деген өңдүү ойлору болот да. Мен да кесип тандоо боюнча көпкө ойлондум, туугандар өз кеңешин берип жатты, акыры ОшМСУга (Ош Мамлекеттик социалдык университети) тапшырдым жана тарых факультетине бюджеттик негизде кабыл алындым. Жаңы мектепти бүткөн кезде сырттагы чытырман токойду тааныбай туруп, алдыда эмне кылаарыңды билбейт экенсиң, менде болгону музыкадан башка эч нерсе жок болчу. Окуган жогорку окуу жай жакшы, бирок мен жана жүрөгүм жалаң гана музыкага тартып турчу. Элге чыгып популярдуу болууну самаган деле эмесмин, болгону эл алдына чыгып ырдагым келет эле. 1-класста 2002-жылы декабрь айында жаңы жылдык балатыда “Көк жылгаяк” ырыны ырдаган экенмин. Ошондо мектептеги Асылбек деген музыкант агайыбыз жакшы баа берген эле. Ал учурда телефонго тартуу деген нерсе жок эмеспи, тилекке каршы ал кезде ырдаган видеолорумдун архивдери жок. Кичинемде жакшы ырдаганымды ошол агайдын комментарийинен соң эсимде калыптыр. Тартынчаак бала болчумун.

4e22db8a-0768-4ccb-b564-300d9dd6cd6e.jpg

Кайсы жылы чоң сахнага чыктың? Эл кандай кабыл алды? Сахнага чыкканыңда кандай сезимдер болду?

         2013-жылы август айында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата 31-август Кара суу районунда “Кара суу таңшыйт” аттуу  райондук конкурста алгачкы чоң сахнадагы тушоомду кестим. Мен үчүн ал учурда диплом, акча, сыйлык кызыктырбайт эле, тек гана ырдап элди кубанткым келе берчү. Мени эл тааныса тааныбаса деле райондук стадиондо элдер дүркүрөтө кол чаап мени көтөрүп койдубу, ал эч эсимден кетпей, окуу жайда тарыхты 2 саттап угуп отура албай койдум.  Арга жок бир семестрден соң документтеримди алганы барып бир эжеден “Потом пожелеешь” деген сөзүн угуп чыктым. Ичимден мен өкүнбөймүн деген гана чоң күч жубатып күч берип жатты. Ал эженин ошол сөзү азыр мага жылмаюу тартуулап турат.

Кышында туугандарга борборго келдим. Чолпон деген эжебиз эле.  Ырдатып көрүп жактырып тааныштарына айтып жүрдү. Таасирленгенинин себеби да жөндүү эле, 2012-жылы каза болгон таенемдин (ред. Камытова Рабы) таланты мага өткөн эле. Табияттагы өтө кызыктуу көрүнүш ээ. Көп өтпөй 2013-жылы кыш айлары Кыргызга белгилүү продюсер Канат Култаевдин “Шоу бизнес” мектебине кабыл алындым. 3 айлык бул долбоор Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулуп алгачкы бүтүрүүчүлөрү да биз болдук. Аз көрүнгөнү менен мен 3 ай ичинде чоң бир тажрыйба булагынан суу ичкендей такшалдым. Кыргыз эстрада жылдыздары Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева, Мирбек Атабеков, Кенже Дүйшеева, Айжамал Кабылова, Юлия Руцкая өңдүү таланттар менен жолгуулар, маектешкен күндөрүбүз болду. “247- студияда” бүтүрүүчү кечебизди бердик, июль айы болчу. Дүйнөлүк классиканы “Карузо” чыгармасыны ырдаганым жагымдуу элес болуп калды.

7780c981-1282-4a51-9058-c9fa6a5424bb.jpg

Мындан кийин кандай кадамдарды жасай алдың? Муну менен токтоп калбасаң керек, музыкалык окуу жайга тапшырдыңбы?

         Ооба, мен жогоруда аты аталган долбоорго келгенге чейин эле музыкалык окуу жайга тапшырамын деп чечип койгон элем. Жай айында Кыргыз-Түрк “Манас” университетине жалпы тестирлөөгө кирип Консерваториясына кирүүгө мүмкүнчүлүк алдым. 100-150гө жакын адам, ырдайм дегендер келиптир, алардын ичинен 2-орунда болуп тизме менен окууга кабыл алындым. Жаш баладай кубанып менден өткөн бактылуу адам болгон жок, анын үстүнө чыгармачылык жан дүйнө жадырап ого бетер жыргап жүрдүм. Алгач 2014-2015-жылы түрк тилини үйрөнүп даярдоо курсунда окудум, азыр мына 2021-жыл Түркияда түркчөм дагы да жакшырды. Анда жаңыдан үйрөнүп эптеп сүйлөйт элем. Негизи тилдерди абдан жакшы көрөмүн, мектепте да адабияттарды жакшы окуйт элем. 2014-жылы алгачкы жолу жогорку окуу жайдын “Манас жылдызы” аттуу сынакка катышып 1-орунду жеңип алдым. 15-декабрдагы бул жеңиш мени көктөргө жетеледи, “Манас үнү” –деген наамды алуу мен үчүн чоң жеңиш эле. Студенттик Кеңештин башчылыгын ал учурда Аязбек Атамкулов жетектеп турат эле, анын колу коюлган диплом дагы эле сыйлуу жерден  орун алып турат.

2b89c50e-ab19-49af-a972-b78e3cce00fe.jpg

Кандай кароо-сынактарга катыштың? 2013-жылы “Кара-Суу таңшыйт” сынагында орун албай калганыңа өкүнбөйсүңбү?

         Мен жашоодо тартынбоого өзүмдү тарбияладым, балалыктагы кемчиликтин баары жашоонун өйдө ылдыйы менен жоголот экен. 2014-жылы кайрадан ошол райондук конкурска катыштым тилекке каршы орун ала албадым. Мен чөгүп кеткен жокмун, калыстыктын болбой жатканына кейип гана койдум. Мен үчүн дагы ийгиликтин мындан дагы чоңураак эшиктери ачыларына чын дилим менен ишенет элем. Бир күндүк жеңилүү – түбөлүктүү жеңилүү эмес, болгону күрөшчү катары жашоо менен күрөшүүнү токтотпосоң, сен үчүн бардык эшиктер ачылат деген өзүмө мотивациям эле. Ойлогонумдай эле 2015-жылы Бишкек шаарында декабрь айынан март айына чейин уланган “Алтын микрофон” конкурсунда лауреат, жай айларында өткөн “Кыргызстан таланты – 2015” республикалык сынагында Ош областынан жеңип Бишкек шаарына жолдомо алдым. Жогорку эмгекти, талантты, жогорку адамдар сыйлаарына көзүм жетти. Тандаган репертуар, үндүн өзгөчөлүктөрүнө чыныгы профессиналдар баа берип тараза ташы туура коюлуп баштады. “Кыргызстан таланты – 2015” сынагы Бишкек шаарындагы Спорт ордосунда болуп Ош областынын атынан ырдадым. Жайкы каникулдарда болсо Баткен областына алгачкы жолу 10 күндүк гастролго чыгып келдим.Айылдары, райондору, шаардын өзү айтор барбаган жер калган эмес. Кайда болбоюн ач болсом дагы, ток болсом дагы мага баары чыгармачылык үчүн абдан кызыктуу сезилди жана оор учурларды дагы чыгармачылыкка, элге болгон сүйүүм менен өткөрүп салдым. Мына ушундай энергия менен 2016-жылы “Достук шаңы 2016” 3-республикалык фестивалында лауреат, күзүндө “Аядыңбы” аттуу ырдын клибинин ачылышы менен расмий түрдө чыгармачылыкка аттандым.

30870305-3c94-4b20-b594-b58e93769d35.jpg

Клип тартуу, республикалык сынактарга окуу менен биргеликте кантип жетишип жаттың? Негизи эле жетишпеген учурларың болдубу? Студенттик доордо кандай кыйынчылыктар болду?

         Жок нерседен бар кылып жаткан учурда кимдерде гана тоскоолдук, жетишпестик, кыйынчылыктар болбой койбойт. Анын үстүнө студенттик доорду жашаган адамдар баары билет болот болушу керек, ачка, ток жүрүп ооруп дагы каласың. Жаштыктын энергиясы, келечекке болгон үмүт, максат так жана туура болсо бири-биринин насибин таап материалдашып кете берет экен. Убакыт жагынан жетишпей калган учурлар болду, улуулардан дагы тил уккан күндөр болду бирок кылган ишиңди көргөн соң алар дагы акырын жайгарып көңүлдү алып коюшчу. Азыр ойлосом ким бут тоссо дагы менин жакшылыгым үчүн кылышкан экен. Ошондогу сабыр, критиканы уга билүү -мени ушул күнгө жеткирди деп ойлоймун. Эрте менен сабакка барып кечинде саат: 16:00-00:00 гө чейин окуу жайдын ашканасында ашпозчунун жардамчысы болуп иштеп, кайра эрте менен сабакка барып калат элем. Мен окуган имарат, иштеген жерим, студенттик жатаканабыз дагы бири-бирине абдан жакын эле. Бир учурда иштеп дагы окуп дагы мындан сырткары ырдап сахнага чыгууга жетиштим. Себеби дагы жакшы адамдардын шарапаты менен болду. Иштеп жаткан жеримден уруксат сурап репитицияга, концерттерге барып ырдап келип калат элем, мен келгиче ордумду билгизбей толуктап турар эле. Бийиктерге чыгып жатканда жараткандан ошол бийиктерге чыкканда ыйманым, адамдыгым, жүрөгүм бүтүн болсун, мени жакшыларга жолуктур деп суранат элем. Баарына азыр дагы шүгүр деймин.

a34c7eb0-f1c0-4cc0-b600-6f8ba9933e23_1.jpg

Жылдыз оорусу менен оорудуң беле? Бул оору боюнча эмне оюң бар?

Жылдыз оорусуну бир гана ырчыларга карата айтылган сын деп кабыл алабыз ээ. Чынында болсо бул оору – бардык адамзаттын рухуна кандайдыр бир бийиктерге чыкканда адамдыктан чыгуу, адамдык касиеттерин жоготуу деп түшүнсөк болот. Бизнесмен, соодагер, депутат, мэр, губернатор, мугалим, дарыгер ким болбосун баарына тиешелүү деп эсептеш керек. Биз адамзатпыз себеби. Мен 2-3-курстарда окуп жүргөнүмдө жылдыз оорусу менен ооруп жатат окшойт деп аркамдан сөз кылып калганын угуп калат элем бирок маани берген эмесмин. Кээ бир адамдар менин бир аз жабык жүргөнүм, көп күлбөгөнүм, көп сүйлөбөгөнүм - ошондой оору деп туура эмес диагноз коюп койгондур. Бир адамдын ичинде эмне болуп жаткандыгын, эмнелерди жашап жаткандыгын биле албайбыз да, чала дарегердей жылдыз оорусу деп атап койгондоруна маани берген жокмун. Сүйлөгөндөр сүйлөп кала берет – жер 2 секкундан кийин мурдагы калыбында болбойт, биз сапарды алга карай улайбыз. 

         2017-жылы чоң долбоорлорду жасап көрүүгө бел байладым. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Манас үнү -2017” аттуу таланттар арасында эстрадалык сынак уюштурдум. Февраль айында болуп өткөн сынакта кыргызча жана дүйнөлүк чыгармаларды ырдап 15ке жакын таланттар сыйлыкка ээ болушту. 15-майда болсо көптөн күткөн “Ыйыгым” аттуу жеке концертим окуу жайымдын К.Тыныстанов атындагы залда болду. 2 сааттык жалаң жандуу түрдө аткарылган ырлар кол чабуулар менен коштоду. Уйкусуздукту, түйшүктү, чыныгы мээнетти мына ушул жеке концертте көрдүм. Эл келет деген бул кечеге уктабай даярданып жаттым, жыйынтыгы да мыкты болду. 2-курста окуп жаткан студент үчүн жеке концерт берүү азыр ойлосом кыйла психологиялык жана физиологиялык кыйынчылыкты жараткан экен. Ушул концертимди ийгиликтүү берип алсам чет мамлекетке чыгамын деген чоң максатым бар эле.

2a656550-27d3-4e6f-89d9-e8dcb8057eb9.jpg

Кайсы өлкөгө баргың келет эле? Кандай максаттарды койдуң?

         Эң маанилүүсү четке чыгуу максат эмес эле чынында. 2017-жыл 14-июнь күнү алгачкы жолу чет мамлекетке, Түркиянын Анталия шаарына учуп бардым. Жер Ортолук деңиздин кооздугу, табияты абдан кооз эле. Тил билгендигим үчүн мага бул мамлекетке көнүү оор болгон жок, болгону эң чоң маселе мекенге болгон кусалык болчу. Биринчи жолу туризм секторунда иштеп чет мамлекетте айлык акымды алып баштадым. 2017-жылы өткөргөн бир кароо сынак, бир жеке концерт мени абдан чарчаткан болчу. Ошол учурда кээ бир үй-бүлөлүк маселелерден улам сахнаны таштап ырдабайм деген чечимге келген болчумун. Жумушка барып кайра келүү рефлексини кайталоодон тажадымбы, же ырды кайра сагындымбы айтор мен кайрадан жылмайып, табияттын жардамы менен кайрадан шыктанып баштадым. Дароо эле КТМУнун Көркөм өнөр факультетиндеги таланттар биригип Анталия шаарында “Кыргыз маданият кечеси” аттуу бир жарым сааттык концерттик программаны түрк көрүүчүлөрүнө сундук. Ордунан туруп кол чапкан көрүүчүлөргө рахмат айтып бүтө албадык, бул менин алгачкы чет мамлекеттеги режиссердук ишим эле. Мындай жетишкендик үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Миграция кызматы Ардак грамотасы менен сыйлады.

5c13966ab07a3.jpg

Түркияда чыгармачылыкты улантуу оюңда бар беле? Чет мамлекеттеги дебюттук клибиң жөнүндө айтып берсең?

         2018-жылы окуу жайдагы  курстук отчеттук “Жаз кайрыктары” концертини бергенден соң кайрадан Түркияга келдим. Бул ирет абдан өзгөчө болду. Жумуштан сырткары паралелдүү түрдө чыгармачылыгым үчүн чоң жаңылыкка кадам таштадым. Ноябрь айында КРнын эмгек сиңирген артисти, менин устатым Жамиля Муратованын обонуна таандык “Ырдайм жаштыкта” аттуу клибимдин 10 күндүк съемкасын тарттык. Съемка аяктагандан соң алгачкы эл аралык “Маданият жана искусство” деп аталган 15 мамлекеттин арасындагы сынакта Кыргызстандын атынан катышып, өлкөмдүн намысын коргодум. Анталия шаарындагы “Кыргыз эли” коому көп өтпөй мени маданият бөлүмү жетекчиси катары кызматташууга чакырышты. Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата чоң концерттик программаны даярдадык. Бул жактагы Ак-Деңиз университетинин Адабият жана Укук факультеттеринде эскерүү программалары, Муратпаша муниципалитетинин демөөрчүлүгү алдында Ч.Айтматов атындагы парктын ачылышы өңдүү масштабдуу маданий иш-чараларда ырдадым, организатордук иштерди уюштурууга аракет кылдым. 2019-жылы 1-март “Ырдайм жаштыкта” аттуу жаңы клибимдин бет ачары Анталияда, 3-мартта борбор калаа Анкарада өтүп алгачкы кыргыз клибинин бет ачары эки чоң шаарда болду. Мындан сырткары “Кыргыз эли” коомунун башчысы Рысгүл Кадырова жана жалпы жамаат менен биргеликте 5-мартта  “Ак калпак жана ак элечек” майрамы деп Анталияда жөө жүрүш, майрамдык парад, 21-март Анкара шаарында “Нооруз майрамы”, апрель айында ар түрдүү эл аралык фестиваль, спорттук мелдештерде өз өнөрлөрүбүздү көрсөтүп жаттык. Удаалаш эле, Анкара, Стамбул, Измир шаарларына барып ар кандай эл аралык фестивалдарга катышып ырдап келдим. Чет мамлекетте калпакты баштан түшүрбөй бир колумда микрофонум, бир колумда байрагым болуп көпкө унаа менен шаар кыдырдык. Кыргызстанда ырдаганга караганда чет мамлекетте элиңдин, жериңдин атынан ырдап чоң жоопкерчиликти алуу оңойго турбады, мен уйкусуз калып иштеп да, ырдап да жүрдүм. Себеби мен өзүмдөн да элимди, көрүүчүлөрүмдү абдан жакшы көрөмүн.

ea4909e6-3b14-4e64-a131-f1c1ac791313.jpg

Эң эсте калган кайсы иш-чара, кайсы концерттер болду? Концерттерде фонограмма колдоносуңбу? Ырдоого Түркиянын үн аппараттары кандай?

         Эң эсте калган иш чара бул – “Ак-Деңиз кечинде Кыргыз маданияты жана “Манас” эпосу” аттуу чоң иш чара болду. Түркиянын Анталия шаарында биринчи жолу кыргыз боз үйү тигилди. Сезимдерим кучагыма батпайт, келген туристтер жандуу түрдө көрүп суктанып, биз сыймыктанып, жергиликтүү калк баа берип, кайдыгер болгон эч ким болгон жок. Элдин баары кирип бир көрүүгө ынтызар эле. Чон концерттик программа уюштурулуп Муратпаша муниципалитетинин концерттик залында болуп өттү. Концертте ырчы, алып баруучу кызматка дайындалып катарлаш организаторлук кылдым. Кыргызстандан кыргыз эл артисти Саламат Садыкова, ырчы Гүлзада Рыскулова, Догдурбай Урманбетов өңдүү мыктылар менен бирге иш алып бардык. Андан кийинки Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө кыргыз эл артисти Күмөндөр Абылов агай менен биргеликте өткөргөн Түркиядагы туру өзгөчө эсте калды. “Кыргыз эли” коому жана башчысы Рысгүл Кадыровага убакыттан пайдаланып терең ыраазычылык билдирип рахмат айтуу парзым.

         Бардык концерттерде жалаң гана жандуу ырдап жүрдүм, себеби үн аппараттары баары абдан мыкты. Сахнада өзүмдү ар бир чекиттен уга аламын, бул нерсени бакытты ар бир ырчы түшүнөт деп ойлоймун.

a09778d8-a98b-47a5-b99c-0b0f3a155351.jpg

Бексултан, буга чейин бизге 2021-жылы Түркияда өтө турган 10 долбоорго чакыруу алганыңды билдирдиң эле. Ошол тууралуу айта кетсең.

2021-жылы республикалык жана эл аралык деңгээлдеги ири маданий иш-чараларга катышуу сунушу айтылды. Аталган иш-чараларда Кыргызстандын атынан катышып, түрк тилиндеги ырларды аткарамын. Мындай эл аралык түрдөгү иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк алуу, Кыргызстандын атынан 10 маданий долбоордогу программага катышуу мен үчүн сыймык.

Ушул жылы Түркия Республикасында Ахи Эвран, Хажы Бекташ, Юнус Эмре аттуу улуу инсандардын жылы деп жарыяланган. Буга байланыштуу “Ахи Бекташ” платформасы, Түркия Республикасынын маданият министрлигинин колдоосу менен Кападокия, Невшехир, Гүлшехир, Кыршехир, Стамбул жана башка Түркиянын чоң шаарларында маданий иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүлүп, пландалып жаткан учуру десем болот. Башка иш-чаралардан өзгөчөлүгү эл аралык түрдө болуп, жалпы Түрк тилдүү мамлекеттерден жана Орусиядан белгилүү өнөр инсандарынын аты атала тургандыгы, программанын чоңдугу менен айырмаланат. Мени бул долбоордо “Кыргызстан эстрада ырчысы” деген аталыш менен каттоодон өктөрдү. Эч жашыруунун кереги жок, азыркы учурда түн уйкум качып, улам жогорудагы дообоорлор үчүн камсанап жаткан учурум. Учурда Мерсин шаарына дагы Түрк жана Кыргыз тилиндеги жаңы бир чыгармаларды даярдоо үчүн келип калдым. Булардын баарына дагы алдыда кенен токтолуп айтып берейин, Кыргыз элиме сюрприз болуп турсун. Түрдүү улуттагы музыканттар менен бирге жасап жаткан репитиция 10-февралда башталып азыркы учурда уланып жатат. Мен үчүн мындай чоң долбоорлорго чакыруу алуум “THE CALL OF WİNTER” эл аралык сынактагы жеңишимден соң чоң кубаныч болду".

5c1396b566a9a.jpg

Бексултан, “THE CALL OF WİNTER” эл аралык сынагы боюнча да окурмандарга кыскача маалымат айтса кетсең.

2021-жыл мен үчүн өтө жакшы башталды десем болот. Февраль айынын башында “THE CALL OF WİNTER” эл аралык музыкалык онлайн сынагы биринчи орунду багындырдым. Аталган онлайн музыкалык жарыш вокал багыты боюнча түрк тилдүү өлкөлөрдүн таланттары ортосунда болуп өттү. Жогоруда да айтканымдай бул жеңишим мага чоң мотивация болду. Бул мотивация элим үчүн ырдай берүүмө түгөнгүс күч десем болот.

Ал эми сынактын жүрүшү боюнча айтсам, бул конкурска 2021-жылдын 13-январынан баштап киришип баштадым. Бул эл аралык сынакка көптөгөн өлкөлөр катышты. Казакстан, Алтай, Румыния, Түркия, Македония өңдүү мамлекеттерден түзүлгөн калыстар тобунун жыйынтыгы менен “THE CALL OF WİNTER” сынагында 1-орунга ээ болдум.

Сынак үчүн Түркиянын белгилүү композитору, пианист Ферди Өзбейендин репертуарынан “Курумуш бир дал гибийим” (Куруган бир тал сыяктуумун) аттуу чыгарманы Түрк улуттук аспабы, саздын коштоосунда ырдадым. Сынакта калыс баасын берген эл аралык калыстар тобуна, пандемия учуруна карабастан маданий иш-аракеттерин көрүп жаткан “Тагдыр. Мезгил. Жашоо” (“ТМЖ” Коомдук фонду) жетекчиси Мира Токтогоновага жана Анкара маданий клубунун башчысы Метин Өзасланга жана Мурзакматова Диляра Тургуновнага терең ыраазычылыгымды билдирем! Мага жардам берип кеңешин аябаган музыкант досум Аңыл Байкалга да рахматымды айтам.

d1c03b2c-6d5c-4b8f-86c2-97a859ff437a.jpg

Сен үчүн Кыргызстан жана Түркия?

Кыргызстан - менин жүрөгүмдө кусалык менен сактап турган аруу сезимим, мекенге болгон сүйүүм, дүйнөнүн кайсы жеринде ырдабайын ал менин ырдаган ырым, көмөкөйдөгү үнүм. Түркия - мен үчүн экинчи үйүм, боордош мамлекет, менин жакын досторум, угармандарым жана башка.

52f95692-7e4d-4ba5-8037-2474877fe5dc.jpg

Алдыдагы максатың? Каалооң?

         “Максат жок болсо – алгач психологиялык өлүм андан соң физиологиялык өлүм келет” деп айтат китепте. Менин максатым өзүмдүн элиме, угармандарыма жүрөгүмдөгү сүйүүмдү билдирүү, аларга сүйүүмдү далилдөө, чыгармачылыгым аркылуу улуттук маданиятыбызга салым кошуу. Ырга айлана элек ойлорумду ыр аркылуу, чыгармачылыгым аркылуу түшүндүрүү. Бир күн мүмкүн мен жок болгондо элим менин сүйүүмдү түшүнүп эскерип кабыл алып турса деген изги тилегим бар.

7e5a8668-3299-4409-8456-019370838ed4.jpg

5c8657f8-6c97-4b72-86fb-2862302a729e.jpg

440002c5-8567-4a34-afcf-4df0d35627cf.jpg

1b1ba149-1c03-4aa2-aa91-251ce12978d8.jpg16b4c983-5a57-41e3-9aa9-aa199238c9ec.jpg

239c9ffc-fb8e-4337-ba06-dbc5d5e9dbb7.jpg

Kereez Media

Интервью

 

Жаңылыктар

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

Торгово-промышленная палата КР приглашает на новогоднюю ярмарку

Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү ачылды – фоторепортаж

“Maxim Demidov” зер жасалгалар үйү Бишкекте - ORO EXPO

ORO EXPO: Ювелирный дом Maxim Demidov в Бишкеке

ORO EXPO: Зер жасалгаларды өз баасында алыңыз - кирүү акысыз

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2