AUCA the best 2

2024-12-26

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Маданият

Б. Алимбеков Түркияда өтө турган 10 долбоордо өлкө намысын коргойт

Б. Алимбеков 2021-жылы Түркияда өтө турган 10 долбоорго чакыруу алды. Аталган иш-чараларда Кыргызстандын атынан катышып, түрк тилиндеги ырларды аткарат. Бул тууралуу Бексултан Алимбеков KEREEZ.KGге билдирди. 

244eea39-2034-44cd-b878-e533ab742ee7.jpg

Бексултандын сөзүн өзгөртүүсүз беребиз:

"Азыркы учурда Түркия Республикасынын Мерсин шаарынын абасынан дем алып жатып, кубанычтуу кабарымды сиздерге жеткиргим келди.

Менин дарегиме, жакын арада расмий түрдө чакыруу менен, республикалык жана эл аралык деңгээлдеги ири маданий иш-чараларга катышуу сунушу айтылды. Мындай эл аралык түрдөгү иш-чараларга катышууга мүмкүнчүлүк алуу, Кыргызстандын атынан 10 маданий долбоордогу программага кошулганыма дагы эле ишенбей турамын. Анда эмесе сөз башынан болсун.
2021-жыл Түркия Республикасында Ахи Эвран, Хажы Бекташ, Юнус Эмре аттуу улуу инсандардын жылы деп жарыяланган. Буга байланыштуу “Ахи Бекташ” платформасы, Түркия Республикасынын маданият министрлигинин колдоосу менен Кападокия, Невшехир, Гүлшехир, Кыршехир, Стамбул жана башка Түркиянын чоң шаарларында маданий иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүлүп, пландалып жаткан учуру десем болот. Башка иш-чаралардан өзгөчөлүгү эл аралык түрдө болуп, жалпы Түрк тилдүү мамлекеттерден жана Орусиядан белгилүү өнөр инсандарынын аты атала тургандыгы, программанын чоңдугу менен айырмаланат. Мени бул долбоордо “Кыргызстан эстрада ырчысы” деген аталыш менен каттоодон өктөрдү. Эч жашыруунун кереги жок, азыркы учурда түн уйкум качып, улам жогорудагы дообоорлор үчүн камсанап жаткан учурум. Мерсин шаарына дагы Түрк жана Кыргыз тилиндеги жаңы бир чыгармаларды даярдоо үчүн келип калдым. Булардын баарына дагы алдыда кенен токтолуп айтып берейин, Кыргыз элиме сюрприз болуп турсун. Түрдүү улуттагы музыканттар менен бирге жасап жаткан репитиция 10-февралда башталып азыркы учурда уланып жатат. Мен үчүн мындай чоң долбоорлорго чакыруу алуум “THE CALL OF WİNTER” эл аралык сынактагы жеңишимден соң чоң кубаныч болду".

Бексултан Алимбековдун чыгармачылыгына биз дагы ийгиликтерди каалайбыз! 

0805ca8c-75aa-4a15-bd39-f5bab5a8a2bc.jpg

f5ba6db1-963c-4787-9b13-592f3d65beb6.jpg

af0ccba2-a7b6-4d70-972f-b139ae24f47e.jpg

Интервью

 

Жаңылыктар

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2