2024-12-23
Маданият
Кыргызстан жана Өзбекстан тарткан “Делбирим” тасмасы ютубга чыкты
Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде тартылган “Делбирим” көркөм тасмасы ютубга жүктөлдү.
Тасманы жаратуучулар менен анда башкы ролду жараткандар эки өлкөнүн достугун, маданиятын бекемдеген кинону тартууга 3 ай убакыт кеткенин айтышкан. Фильмди “Өзбеккино” улуттук агенттиги жана Кыргызстандын “Дан” продюсердик борбору тарткан. 1 саат 40 мүнөткө созулган тасманын сценарийин Керез Зарлыкова жазган, режиссеру өзбекстандык Сарвар Каримов.
Кинодо Аселдин образын кыргыз улуттук драма театрынын актрисасы Мадина Талипбек, Кадичаны Элина Абай кызы аткарган. Ал эми Илиястын ролун Өзбекстандык белгилүү актер Адиз Ражапов, Байтемирди Улугбек Кадыров ойногон.
Белгилей кетсек, Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде тартылган бул төртүнчү көркөм тасма. Буга чейин “Мен Тянь-Шань” тасмасын “Мосфильм” тартса, ушул эле тасманы 1977-жылы Түркиялык режиссерлор экрандаштырышкан. Ал тасмалар ушул күндөрү көрүүчүлөрдүн кызыгуусунан чыга элек.
“Делбирим” көркөм тасмасын төмөндөгү шилтеме аркылуу көрө аласыздар