2024-12-14
Маданият
Музей кызматкерлеринин маянасы 80% көтөрүлдү
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тутумундагы музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылды. Бул маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу максатында жасалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирет.
Музей кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинде 15 млн 480 миң сом каралган.
Эске салсак, мындан мурда маданият жана искусство мекемелеринин айрым категориядагы кызматкерлери үчүн да айлык акыны 80 пайызга жогорулатуу болгон.