2024-12-14
Маданият
Сериал тартуу үчүн 30 млн сом бөлүндү
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тематикалык телесериалдар түрүндө улуттук аудиовизуалдык продукцияларды түзүү үчүн 30 млн сом бөлүндү.
«Киносериалдар үчүн мыкты сценарийлерди тандоо боюнча сынак 2020-жылдын январь айынын аягына чейин жарыяланат. Биз сценарийлерде идеология болуш керек деп эсептейбиз. Тасмадагы эң башкы үч тема – адам, үй-бүлө, мекен болуш керек. Албетте, негизги принциптер сакталган болсо, жанрлар жана сюжеттер боюнча эч кандай чектөөлөр болбойт», – деп белгилеген Мухаммедкалый Абылгазиев, мына ушул механизмди колдонуу менен атаандаштык чөйрөнү өнүктүрүүнү, ата мекендик киноиндустрияны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарт түзүүнү шарттарын кошумчалады.
Жолугушуунун соңунда Өкмөт башчы «Дарак ыры» мюзиклинин авторлоруна кыргыз элинин тарыхын пропагандалаган кинокартинаны тартканы үчүн ыраазычылык билдирди.
«Дарак ыры» мюзиклинин режиссеру жана сценаристти Айбек Дайырбеков Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан энчилүү саат менен сыйланса, ал эми фильмдин продюсери Толкун Дайырбековага алкыш жарыяланды.