AUCA the best 2

2024-04-25

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Маданият

Бексултан Алимбеков эл аралык сынакта биринчи орунду багындырды

Бексултан Алимбеков эл аралык музыкалык онлайн сынакта биринчи орунду багындырды. Аталган онлайн музыкалык жарыш вокал багыты боюнча түрк тилдүү өлкөлөрдүн таланттары ортосунда болгон. Бул тууралуу ырчы, Бексултан Алимбеков KEREEZ.KGге билдирди. 

 d1c03b2c-6d5c-4b8f-86c2-97a859ff437a.jpg

Төмөндө Бексултан Алимбековдун билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз:

"Сиздер менен жакшы бир жаңылыгым менен бөлүшөйүн дедим.

“THE CALL OF WINTER” аттуу эл аралык онлайн фестивалда 1-орунду алганым мен үчүн күтүлбөгөн, чоң жеңиш болду.

2021-жылдын 13-январынан баштап бул сынакка киришип баштадым. Эл аралык сынакка көптөгөн өлкөлөр катышты. Казакстан, Алтай, Румыния, Түркия, Македония өңдүү мамлекеттерден түзүлгөн калыстар тобунун жыйынтыгы менен “THE CALL OF WİNTER” сынагында 1-орунга ээ болдум.

Сынак үчүн Түркиянын белгилүү композитору, пианист Ферди Өзбейендин репертуарынан “Курумуш бир дал гибийим” (Куруган бир тал сыяктуумун) аттуу чыгарманы Түрк улуттук аспабы, саздын коштоосунда ырдадым. Сынакта калыс баасын берген эл аралык калыстар тобуна, пандемия учуруна карабастан маданий иш-аракеттерин көрүп жаткан “Тагдыр.Мезгил. Жашоо" (“ТМЖ”Коомдук фонду) жетекчиси Мира Токтогоновага жана Анкара маданий клубунун башчысы Метин Өзасланга жана Мурзакматова Диляра Тургуновнага терең ыраазычылыгымды билдирем! Мага жардам берип кеңешин аябаган музыкант досум Аңыл Байкалга да рахматымды айтам.

Мындай эл аралык деңгээлдеги жеңиш мага дагы да чоң мотивациясын берди. Бул мотивация элим үчүн ырдай берүүмө түгөнгүс күч десем болот".

119916135_2025076667623338_8393915298941200224_o.jpg

Биз дагы Бексултандын жеңиши менен куттуктап, ага албан ийгиликтерди каалайбыз!

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2