AUCA the best 2

2025-10-26

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Маданият

Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

Кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык көрүү жана 95 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан уюштуруу комитети түзүлдү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, уюштуруу комитети мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгып, бекитиши керек.

Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, усулдук жана башка жактан камсыздоо Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.

Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 100 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы жана анын туулган күнүнүн 95 жылдыгына байланыштуу иш-чараларды өткөрүү боюнча комитеттин курамы;

Кызматы боюнча:
Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;


Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү;
Билим берүү жана илим министри;
Тышкы иштер министри;
Финансы министри;
Санариптик өнүктүрүү министри;
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары;
Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору;
Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаарынын мэри;
Ош шаарынын мэри;
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Президенттин администрациясынын саясатты иштеп чыгуу, реформаларды мониторингдөө жана талдоо бөлүмүнүн башчысы;
Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору;
"ЭлТР"мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору;
Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы;


Жекече:
Акматалиев Абдылдажан Амантурович - академик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Т. Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун директору;
Калыбеков Нурланбек Өскөналиевич - Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы;
Кулмендеев Таалайбек Акжолтоевич - Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзунун төрагасы;
Кулманбетов Жаныш Осмонович - Кыргыз Республикасынын театр ишмерлер союзунун төрагасы;
Исмантаев Сейдеакпар Исакович - "Чыңгыз-Ордо"коомдук бирикмесинин директору;
Алышбаева Дамира Жумановна -"Арт-Араб"коомдук фондунун директору;
Бегалиев Муратбек Акимович - Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору;
Рыскулов Акбар Рыскулович - Кыргыз Республикасынын Эл акыны (макулдашуу боюнча);
Айтматова Роза Төрөкуловна - Ч. Т. Айтматовдун карындашы (макулдашуу боюнча);
Айтматов Аскар Чынгызович - Ч. Т. Айтматовдун уулу (макулдашуу боюнча);
Айтматов Элдар Чынгызович - Ч. Т. Айтматовдун уулу (макулдашуу боюнча).

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 1959-жылдан бери КПССтин ардактуу мүчөсү, 1974-жылы Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, 1978- жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры ардактуу наамдары менен сыйланган. Ал 1928-жылы 12-декабрда туулуп, 2008-жылы 10-июнда дүйнөдөн өткөн.

Интервью

 

Жаңылыктар

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2