2024-12-21
Маданият
Самыйбек Игембердиевге арналган китептин бет ачары болду
Геология тармагынын атактуу ишмери Самыйбек Игембердиевге арналган "Улуу тоонун уулу" аталышындагы китептин бет ачаары болду. Иш-чара геологдордун күнүнө арналды.
Самыйбек Игембердиев - кыргыз геологиясынын сыймыгы. Анын бул тармакты башкарган мезгилин "алтын доор" деп атап жүрүшөт. Самыйбек Абазовичтин тушунда "Кумтөр", "Жерүй", "Макмал" кен байлыктары ачылган. Мамлекеттүүлүктүн калыптанышында маанилүү болгон өлкөнүн минералдык-чийки зат базасы түзүлгөн жана бекемделген.
Китепти сатып алууга болбойт. Ал геологдорго жана геологиялык окуу жайларга жайылтылат.