2024-12-14
Маданият
АК КЕМЕ: УЛУУ ИНСАНДАР ЖАРАТКАН ШЕДЕВР
"Ак кеме" тасмасы – терең философиялык идеяны камтыган мазмун жана ошол мазмунду жеткире билген мыкты режиссёрдук иш. Ушундай жөнөкөй формуланын негизинде тартылган тасманы бир гана сөз менен аныктаса болот – шедевр. Башкача айтканда, «Ак кеме» – улуу адамдардын колунан жаралган улуу тасма.
ТАСМАНЫН СЮЖЕТИ
Бул чыгарманын мазмунун билбеген кыргыз жокко эсе болсо керек. Ошентсе да дагы бир жолу эскерте кетүү ашыкчалык кылбас. Тасмадагы окуя Ысык-Көлдө тоо арасындагы токой чарбасында өтөт. Өзү курлуу теңтуштары жок, атасын өмүр бою сагынган жети жашар бала чоңдордун арасында өсүп, өзү менен өзү ойноого аргасыз. Таятасы Момун айтып берген уламыштардан жаратып алган кыял дүйнөсүндө жашап келет.
Окуя бийик тоолор арасында токой ичинде жашаган үч кичинекей үйбүлөнүн тегерегинде болсо да, андагы сүрөттөлгөн эпизоддор дүйнөлүк масштабдагы маселени чагылдырат.
Өмүрүндө бир катуу сөз сүйлөп көрбөгөн Момун чал тажаал кемпири Керез менен түтүн булатып келет. Алардын жанындагы үйдө кызы Бекей күйөөсү Орозкул менен жашайт. Орозкул дүйнөдөгү эң жаман касиеттерди өзүнө жыйнап алгандай сезилет. Мыкаачылык менен бугу атып, мүйүзүн кесип алган Орозкулга табият таарынып, аны балалуу болуу бактысынан ажыратып койгон. Орозкул болсо жинин байкуш жубайы Бекейден чыгарат. Кудайдын куттуу күнү күйөөсүнөн таяк жеген Бекей оор турмушка баш ийгендей. Ага ким болушат? Керез энеси кызына болушмак турсун кайра анын өзүн күнөөлөйт. Орозкулга жагынып жаш келин Гүлжамалды ага токолдукка алып бергиси бар. Татынакай Гүлжамалды болсо тагдыр бул жакка адаштырып алып келгенби, айтор анын шайыр мүнөзү токойдогу оор жашоого коошпойт. Күйөөсү Сейдакматты болсо чөп үстүндө чалкалай жатып ырдагандан башка эч нерсе кызыктырбайт.
Ушундай татаал мамилелерден курулган оор турмушка кичинекей наристе да аралашууга мажбур. Ал бала караңгы түндөгү кичинекей күн нурундай. Өзүнүн куруп алган таза, жарык дүйнөсү бар. Ал дүйнөсүн жалгыз жакын досу, таятасы Момун менен гана бөлүшөт. Албетте, жаш жүрөктү кубанта турган жөнөкөй нерселер бар. Мисалы, 1-сентябрга алынган жаңы портфель. Аны көтөрүп алып сүйүнчүлөп чуркаганы эсиңиздеби?
Жашоодо баланын ыйык туткан эки нерсеси бар: улуу Бугу эне жана Ак кеме. Биринчи жомокту таятасынан уккан. Адам баласын өлүмдөн сактап калган Бугу эненин бала үчүн мааниси чоң. Ошол себептен ал Орозкулду бүт жүрөгү менен жек көрөт. Мыкаачынын бугунун мүйүзүнө балта чаап жатканы баланын көзүнө бешикти кыйратып жаткандай көрүнөт. Ал эми Ак кеме жөнүндөгү экинчи жомокту өзү ойлоп чыгарган. Атасы кеменин капитаны. Ал жакында уулун алыс жакка алып кетүү үчүн сүзүп келет...
ТАСМАНЫН ЖАРАЛЫШЫ
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов "Ак кемеси" менен СССР адабиятына - тили, курулушу, чечилиши жагынан чоң жаңылык алып келген. Идеология менен жаап-жашырылган совет жашоосунун чыныгы жүзүн көрсөтүп, эрдик жасаган менен, орустун көп жазуучулары "Ак кемени" төө бастыга алышкан. Демек, кол учунан жазылган, жөнөкөй чыгарма болсо, көз кырында калмак беле, мыкты болгондуктан, көрө албастык, ич күйдүлүк баарыбир биринчи орунга чыккан.
Жакшы чыгарманы кино аркылуу элге жеткиргенге ар бир режиссер умтулат. 1974-жылы отуз үчкө жаңы чыккан Болот Шамшиев "Караш-караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Сүйүү жаңырыгы" деген үч көркөм фильмди тартып, атактуулукка жетип турган мезгили болчу. Болот Шамшиев, "Ак кемени" эч буйдалбай, чечкиндүүлүк менен өз мойнуна алган. "Ак кемени" кино тилине которуу көп убакытты талап кылып, сценарийди Айтматов, Шамшиев экөө биргелешип жазып чыккан. Сценарий жазылганда чыгармага көп өзгөрүүлөр, жаңы образдар киргизилип, 1974-жылы жай айларында "Ак кемеге" 600 миң рубль бөлүнүп, Көлдүн Чоң-жаргылчак деген жеринде тартыла башталган.
КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР
Эл баатыры Сабира Күмүшалиева Карыз кемпирдин образына дароо бекилген. Чукчуңдаган, куучуңдаган кемпир өмүрүндө бир жакшылык көрбөгөн, бир тыйындын кадыр-баркын түшүнгөн образ. Чыгармада анчалык орду болбосо да, сценарийге образын жана биографиясын берип, өзүнчө чоң роль болуп калган. Орозкулду - Орозбек Кутманалиев ойнору эбак эле чечилип, режиссер Болот Шамшиев менен экинчи режиссер Темир Дүйшекеев Орозбек агага "Орозкул үчүн кичине арыгыраак болуп атасың, дагы семиргиниң" деп тапшырма беришкен. Ал эми Момун чалдын образына көптөгөн артисттер пробага келишип, эч кимиси режиссердун көңүлүнө жакпай коет. Акыры Болот Шамшиев театрда жалаң комикалык ролдордо ойногон Асанкул Куттубаевди ылайык көрсө, көркөм кеңеш каршы чыгат. "Өзү комик болсо, Момунду кантип ойнойт?" дешип, бирок режиссер беттегенин бербегенде, акыры көнүшөт. Себеби "Караш-караш окуясында" Сүймөнкулду алып келгенде ошол эле көркөм кеңеш чалкасынан кеткен. Кийин кино ийгиликтүү чыкканда режиссердун көрөгөчтүгүнө баа беришкен. Момун чалга келгенде да режиссерду жайына коюшту.
Жазуучу үчүн да, режиссёр үчүн да баланын ролу эң маанилүү эле. Аны аткаруу үчүн өзгөчө актёр керек болчу. Бул боюнча актриса Сабира Күмүшалиева эскерет:
«Баланын ролуна тандоо жарыяланганда миңдеген балдарды жетелеп келишкен. Алардын арасынан бизге он чактысы жакса да режиссер бирөөнү да жаратпай койгон. Бир күнү режиссёр мага көздөрү бакырайган балакайды көрсөтүп, “жарайбы? деп сурады. Ал өтө эле тентек, шок болгондуктан, аркасынан жете албай калабыз деп корктук. Болот “кана, бизге сууда сүзүп бараткан баланы көрсөтчү” десе, тиги ойлонбой туруп жерге жата калды да чын эле сууда сүзүп бараткандай кыймылдап көрсөтүп берди. Ошол күнү дароо тандоо токтотулду».
Сабира Күмүшалиеванын эсинде дагы бир кызык окуя калган экен. Бир сюжетти тартууда режиссёр анын ыйлоосун талап кылган. Көзүнөн эч жаш чыгара албай кыйналган актрисаны режиссёр урушуп коёт. Ошондо катуу сөзгө ызаланган Сабира апабыз кетем деп терс басып баратып, ызасына чыдабай ыйлап баштаган экен. Анан бир кезде тык токтоп, артка кайрылып “ыйлап жатам, мени тезирээк тарткыла” деп режиссерду шаштырыптыр.
Тасмадагы санжыраны чагылдырган эпизоддогу Бугу эненин мүйүзүндөгү бешиктеги ымыркай актриса Айтурган Темирова менен Болотбек Шамшиевдин кызы Сүйүтай Шамшиева. Актриса өзү кичине баласынын киного тартылуусун каалаган эмес. Анда Болот Шамшиев куулук кылып Айтурган Темированы дүкөнгө жиберип ийет да, апасы жокто наристени тасмага тартууга алып кеткен экен.
Эң кызыгы, кино тартылып монтаждалып бүткөндө, Москвадан "Совет бийлиги чагылдырылган эмес. Кайра тарткыла" деп кабыл албай коюшат. Биздикилер "андай болсо акча бергиле" дейт да, 50 миң рубль бөлдүрүп алышат. Москвадан келишсе, пионерлер чогулуп пионер лагерлерине кетип атыптыр, аларды, анан театрдын алдында турган эки милийсаны тартышып, кайра Москвага жөнөтүшөт. Баягы эле кинону баштан аяк көргөндөр "кана совет бийлиги?" деп суроо узатса, "эмне, пионерлер, милициялар силерге совет бийлиги эмеспи" деп көшөрүп атып өткөрүп келишкен.
- Зөөкүр Орозкул - Орозбек Кутманалиев кинонун кызыгына батып кетип Момун чал - Асанкул Куттубаевди катуу сабап салган экен. Съемкадан кийин Асанкул аксакал Орозбекке таарынып такыр сүйлөбөй койгондо, ортомчуларды ортого салып, алдына түшүп атып, араң кечирим сураган.
- "Ак кеме" алты ай ичинде тартылып бүтүп, 1975-жылыноябрь айында Бишкектеги спорт сарайында премьерасы өткөн.
- Премьерада тасманы көрүп отуруп ыйлабаган киши калган эмес.
- Бүткүл союздук кинофестивалда Гран-прини жеңген. Ч.Айтматов, Б.Шамшиев, оператор М.Мусаев - "Ак кеме" үчүн бүткүл союздук мамлекеттик сыйлык алышкан.
- Режиссер Б.Шамшиевдин гонорары - тогуз миң рубль, 2-режиссер Темир Дүйшекеевдики - эки миң рубль болгон.
- Баланын ролу Нургазы Сыдыгалиевүчүн дебюттук роль эле, бир жылдан кийин ал "Птицы наших надежд" тасмасында Тимурдун ролун ойнойт.
БҮГҮНКҮ КҮНДҮН САНЖЫРАСЫ
Режиссёр Болот Шамшиев Чыңгыз Айтматовдон токойдо таятасы менен жашаган бала тууралуу аңгемени укканда абдан таасирленип калган. Кийин “Ак кеме” повестин журналдан окуп, анын негизинде кино тартуу идеясы оюнан кетпей койгон. Сүйүктүү каармандарын тасмада көрүү – ар бир окурмандын кыялы эмеспи. Ал кыялды ишке ашыруу режиссёрлордун колунда экени талашсыз. Тасма 1976-жылы тартылып бүткөн. 1976-жылы IX Бүткүл союздук кинофестивалдын баш байгесине, СССР Мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон.
• Тасмада бир дагы ашыкча деталь жок. Ар бир нерсенин чоң мааниси бар, ар бир нерседе кандайдыр бир сыр катылган. Мисалы, баланын колунан түшпөгөн дүрбүсү. Ал жөн гана дүрбү эмес, алыстагы адамдарды, буюмдарды, дүйнөнү жакындатуучу нерсе. Баланын “достору” таштар да өзгөчө. Алардын ар биринин аты бар: танк, жаткан төө, карышкыр, ээр. Бала алар менен сүйлөшүп, сырдашып турат. Антпесе алар таарынып калышы мүмкүн.
• Чыгармадагыдай эле тасмада да балага ат берилген эмес. Анткени, ал конкреттүү кишинин эмес, жалпыланган символикалык образ. Антсе да тасмада актёрго өз аты менен Нургазы деп кайрылган жерлери бар.
Режиссёру – Болот Шамшиев
Сценарийин жазгандар – Чыңгыз Айтматов, Болот Шамшиев
Ролдордо:
Бала – Н.Сыдыгалиев,
Момун – А.Куттубаев,
Керез – С.Күмүшалиева,
Орозкул – О.Кутманалиев,
Кулубек – И.Думанаев,
Гүлжамал – А.Темирова,
Бекей – Н.Мамбетова, Сейдакмат – М.Рыскулбеков
Бала – Н.Сыдыгалиев,
СЫЙЛЫКТАРЫ
- СССР мамлекеттик сыйлыгы (1977 жыл, сценарийчи жана режиссёр Болотбек Шамшиев, сценарийчи Чыңгыз Айтматов, оператор М. Мусаев)
- Чыгармачыл топко чоң байге - 9 Жалпы союздук кинофестиваль (1976, Фрунзе)
- «Алтын эдельвейс» Гран-при сыйлыгы Тренто - 77 (Италия);
- «Күмүш лачена» байгеси МКФ Авеллино - 77 (Италия)
Булак:
super.kg, manas.kg, wikipedia.org