2025-06-03
Орусия таажы вирусун аныктай турган 30 миң тест-система берди

Орусия Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине таажы вирусун аныктоочу 30 миң тест-система берди. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Өзбекстандан 8 тонна гуманитардык жардам келди

Кыргызстанга Өзбекстандан гуманитардык жардам келгенин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Бул Кыргызстандын жана Өзбекстандын президенттеринин ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында ишке ашырылганы айтылат.
Бишкекте спорт залдар бейтаптарды кабыл алууга даярдалууда

Борбор калаадагы спорт залдар бейтаптарга алгачкы жардам көрсөтүү үчүн даярдалып жатат. Бул жерге сасык тумоонун орточо жана жеңил түрүнө, пневмонияга кабылган шаардыктар келип медиктерден кеңеш алып кетишет.
Өмүрбек Бабанов убактылуу оорукана ачты

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Өмүрбек Бабанов таажы вирусуна чалдыккандардын дарылануусу үчүн мейманкананын негизинде күнү-түнү иштечү оорукананын убактылуу бөлүмүн ачып жатат. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды.
Чубак ажы Жалилов: Мечитибизди обсервацияга берүүгө даярбыз

Мурдагы муфтий, дин аалымы Чубак ажы Жалилов зарылчылык болсо, жардам катары мечитти обсервацияга имарат катары берүүгө даяр экенин өзүнүн фейсбуктагы баракчасында билдирди.
Хабиб Нурмагомедовдун атасы каза болду

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучу Абдулманап Нурмагомедов каза болду. Бул туурасында Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровго шилтеме берип Риа Новости билдирди.
Сүйүнбек Өмүрзаков 52 жашка чыкты

Милициянын генерал-майору, Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков бүгүн 52 жашка чыкты. Сүйүнбек Өмүрзаков 1968-жылдын 1-июль күнү Ош облусунун Ылай-Талаа айылында туулган. 1989-жылы Жалал-Абаддагы Александр Пушкин атындагы педагогикалык училищесин аяктаган.