2024-05-20
БААУнун Юридикалык клиникасы жарандарга акысыз жардам көрсөтөт
2003-жылдан бери иштеп келе жаткан Борбордук Азиядагы Америка университетинин Юридикалык клиникасы жарандарга укуктук жактан жардам берип келет: жарандык укук, эмгек укугу, үй-бүлө укугу, жер укугу, мурас укугу, ишкерлик жана администрациялык укук. Клиниканын ишмердүүлүгү БААУнун “Юриспруденция” факультети менен биргеликте калктын аялуу катмарына акысыз юридикалык жардам көрсөтүүгө багытталган.
Чолпон Турдалиевага “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылды
2019-жылдын 30-декабрь күнү Президент Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндөгү” Жарлыгына кол койду. Ага ылайык, Борбордук Азиядагы Америка университетинин антропология факультетинин профессору Чолпон Турдалиевага “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылды.
Кытай калкынын саны 1,4 миллиардга жетти
Кытай Эл Республикасынын Улуттук статистика бюросунун расмий маалыматына караганда, 2018-жылга салыштырмалуу өлкөнүн калкынын саны 4,67 миллионго өстү. Аялдардын саны – 684,78 млн болсо, эркектер 715,27 миллионго жеткен. Бул тууралуу China Daily жазып чыкты.
Глобалдык жылуулук: Эвересттин бооруна өсүмдүк өсө баштады
Британиялык климатологдор Эвересттин акыркы 20 жылда спутниктен тартылган сүрөттөрүн талдап көрүп, жашыл аянттар кеңейип, кыйла жогору карай жайылганын аныкташты. Маалыматка караганда, тоонун 5500 метр бийиктигинде өсүмдүк өсө баштаган.
Венециянын каналдарындагы суу кыйла тартылып кетти (фото)
Венеция каналдарындагы суу кыйла тайыздап кетти. Жалпыга маалымдоо каражаттары суусу кургаган каналдын түбүндө жаткан кайыктын сүрөтүн жарыялады.
Швейцариялык окумуштуулар пластиктен алтын жасашты
Швейцариялык окумуштуулар пластиктен алтын жасашты. Анын тыгыздыгы чыныгы алтындан 10 эсе аз болгону эле болбосо, химиялык касиеттери боюнча баалуу металлдан калышпайт.
Samsung компаниясы “жасалма адамды” иштеп чыкты
Samsung компаниясы Neon долбоорунун алкагында алгачкы “жасалма адамды” иштеп чыкты. Азырынча “санариптик адам” боюнча конкреттүү маалымат жок.