2025-01-13
Рим Колизейи туристтерге эшигин ачты
![](/images/iStock-158762142_d_850.jpg)
Дүйшөмбү күнү Рим Колизейи коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу максатында жабылган соң үч айдан кийин өз ишин кайрадан жандантты. Колизейдин аймагына кирүү антисептик жана беткап бар болгондо гана мүмкүн болот.
Кыргызский язык для англоговорящих
![](/images/Эрика.jpg)
Непосредственно в работе над проектом участвуют директор Центр письма и академических ресурсов (WARC) Мария Антонова, координатор WARC Эрика Айзен, видеограф Нурсултан Шермамбетов, и в качестве сценариста и ведущей сначала была Айым Айдаралиева, а потом к проекту присоединился Нурболот Азаматов. Консультирует проект преподаватель кыргызского языка и руководитель направления «Свободные искусства и науки» Данияр Карабаев.
Ысык-Көлдө пансионаттардын жана конок үйлөрүнүн иштөөсүнө уруксат берилди
![](/images/cc3b9a79cbde6f0e8b22ac5be42573e3.jpg)
Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев билдирди. Туризм департаменти, коронавируска каршы облустук штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги биргеликте пансионаттар менен менчик конок үйлөрүнүн коронавирус шартында иштөөсү тууралуу атайын эрежелерди иштеп чыккан.
«XXI – кылымдагы билим берүү” онлайн-талкуусунун жыйынтыгы
![](/images/Безымянный.png)
Борбордук Азиядагы Америка университетинин Инновациялык колледжи уюштурган “«XXI – кылымдагы билим берүү” онлайн-талкууда PISA орто билим берүүнүнүн натыйжалуулугун баалоо боюнча эл аралык тутумдун негиздөөчүсү Андреас Шляйхер, БААУнун алдындагы Инновациялык колледждин көзөмөлдөөчүлөр кеңешинин жетекчиси, Бард-колледждин вице-президенти Жонатан Беккер, БААУнун вице-президенти, Инновациялык колледждин башкы директору Чыңгыз Шамшиев билим берүүнүн модели жөнүндө сүйлөштү. Алар билим берүү тутумундагы жаңылыктар менен бөлүшүп, жеке презентация жасашты. Талкуунун катышуучулары аралыктан окутуунун оң жана терс жактарына токтолушуп, салттуу билим берүүнүн натыйжалуулугун белгилешти.
Акыркы коңгуроо салтанаты онлайн өтөт
![](/images/755902248081229.jpg)
Быйыл окуу жылы 30-майда аяктайт. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу акыркы коңгуроо салтанаты онлайн өтөт.
Бишкекте коомдук транспорт иштей баштады
![](/images/trollejbus.jpg)
Бишкекте 25-майдан тарта коомдук транспорт иштей баштады. Буга чейин борбор калаанын мэриясы 110 троллейбус, 112 автобус ишке кирерин кабарлаган. Транспорттун саны акырындык менен көбөйтүлөт.
Музей кызматкерлеринин маянасы 80% көтөрүлдү
![](/images/83682.jpg)
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тутумундагы музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылды. Бул маданият жана искусство мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу максатында жасалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирет.