2025-07-31
Нарында 70 орундуу оорукана курула баштады

Нарында жугуштуу ооруларды дарылай турган 70 орундуу бейтапкана курула баштады. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. Маалыматка ылайык, пандемиядан улам учурда өлкөнүн бардык аймактарында эски имараттар капиталдык ремонттон өткөрүлүп, оорукана катары пайдаланууга даярдалып жатат.
ЭРБОЛ СУЕРКУЛОВ, балдар дарыгери: Эң кымбаты – бала өмүрү

- Биздин журнал балдар дарыгери менен биринчи жолу маек куруп жатат. Өзүңүз жана балдар менен иштөөдөгү өзгөчөлүктөр тууралуу айтып берсеңиз...
- Мен Эне менен баланы коргоо улуттук борборунда Бет-жаак хирургиясы бөлүмүндө илимий кызматкер болуп эмгектенем. Биздин бөлүм 15-16 жашка чейинки өспүрүмдөргө бет-жаак оорулары боюнча медициналык жардам көрсөтөт. Чоңдорго караганда балдар менен иштөөнүн бир канча өзгөчөлүктөрү бар, албетте. Ар бир балага жекече мамиле керек.
ДАНИЯР ЭМИЛЬ: Быйыл Кыргызстанда дүйнөлүк масштабдагы онлайн бизнес-форум уюштурабыз

Бул чыгарылышта ишкерлик тууралуу “Ишкер” долбоорунун автору, кыргыздын мыкты уулдарынын бири Данияр Эмиль менен сүйлөшөбүз. Каарманыбыздын өмүр баяны, максаттары жана ойлору тууралуу төмөнкү маектен таанышыңыз.
БАКТЫГҮЛ МОМБЕКОВА: Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуудагы мендеги бир эле маселе...

- "Мээрим" телекөрсөтүүсүнө катышкан балдарды өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолуктуруп, белектерин алып, эмгегиңиздин үзүрүн көрүп турган чагыңыз. Куттуктайбыз! Бул жакшылыкты башынан баяндап берсеңиз...
- Биринчиден сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Мен да өтө кубанычтамын. "Мээрим" көрсөтүүсүнө катышкан балдарды өлкө башчысына жолуктуруу биздин башкы кыялыбыз эле. Анткени, биз көрсөтүүнү эфирге тарта баштаганда эле Президентке жолугууну каалаган балдар, кыздар көп болгон.
ТОКТОКАН БОРОМБАЕВА: Үй-бүлөдө да, өлкөдө да – тынчтык менен ынтымактан өтөөр кенч жок

- Токтокан Жолуевна, Жогорку Кеңеште депутат болуп турганыңызда эл тарабынан демилгеленген үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту болтурбоо үчүн мыйзам долбоорун иштеп чыкканга катышып, аны парламентке алып чыгып, кабыл алынышына чон салым коштуңуз. Ага чейин дагы аялдар менен көп иштештиңиз. Азыркы кырдаал боюнча пикириңиз?
- Кыргызда “Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере” деген сөз бар. Бул көйгөйдү канчалык жаап жашырбайлы, үй-бүлөдө болуп жаткан маселелер суу бетине калкып чыккан көбүктөй коомчулукка ашкереленип жатат. Чыныгы кырдаал ушундай. 2003-2010-жылдары Кыргызстанда аялдардын, балдардын, үй-бүлөлүк укуктарды коргоочу, гендердик теңчилик боюнча көп жакшы мыйзамдар кабыл алынды. Мен эл өкүлү катары гендердик теңчилик боюнча маселелерди козгоп, бир нече мыйзамдарды жазып Жогорку Кеңешке сунуштадым. Бардык депутаттар колдоп берген эле.
АЛМАМБЕТ ШЫКМАМАТОВ: “БИР БОЛ” партиясынын башкы урааны – тазалан!

Белгилүү саясатчы Алмамбет Шыкмаматов быйылкы парламенттик шайлоого "Бир бол" партиясы менен барарын айткан. Ал пандемия, каатчылык, алдыда боло турчу парламенттик шайлоо жана пландары менен бөлүштү.
ААЛЫ КАРАШЕВ: Жаңы жүздөр менен тажрыйбалуу саясатчылар биргеликте иштеши керек

Алдыда боло турчу парламенттик шайлоого катыша турган айрым партиялардын курамы белгилүү болду. Анда тажрыйбалуу саясатчылардын катарын жаңы жүздөр толуктаган. Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратып, мурда депутат болгон талапкерлердин кайрадан эл өкүлү болуп шайланып келишине нааразычылыктар айтылууда. Аталган маселеде Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашевдин пикирин билип көрдүк.