2025-06-04
Венгрия таажы вирусу менен күрөшүүгө Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

Венгрия коронавирус менен күрөшүүгө Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам көрсөтүүнүн алкагында Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто Бишкекке жумушчу сапары менен келди.
COVID-19: Курман болгон Адинай Мырзабекова «Эрдик» медалы менен сыйланды

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Мырзабекова Адинай Замирбековна өз жанын аябай жасаган ыктыярдуу эмгеги жана коронавирустук инфекцияга (COVID-19) каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн «Эрдик» медалы менен (курман болгондон кийин) сыйланды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдайт.
Жапония Кыргызстанга 4,6 млн долларлык медициналык жабдууларды берет

Жапония Кыргызстанга жалпы наркы 4,6 миллион долларлык медициналык жабдууларды берет. Мындай келишимге 14-июлда Бишкекте кол коюлуп, ага Жапониянын Кыргызстандагы элчиси менен Кыргызстандын каржы министри Бактыгүл Жээнбаева кол койгон.
Түркия Кыргызстанга медициналык аппараттарды жиберди

Кыргызстанга Түркиядан гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Өкмөт дары жана медициналык жабдыктарды сатып алууда

Өкмөт тарабынан дары-дармектерди жана кычкылтек концентраторлорун сатып алуу иштери уланууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтты.
Жээнбеков: Ата мекендик фармацевтикалык өндүрүштүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонуунун жолдору каралууда

«Өлкөдө дары-дармек тартыштыгын жаратпоо өзгөчө көзөмөлдө турат. Ата мекендик фармацевтикалык өндүрүштүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонуунун жолдору караштырылып жатат. Өкмөткө дары-дармектерди сырттан ташып келүү чараларынан сырткары, фармацевтикалык компанияларды дагы колдоо сунушталат», - деп айтты Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июлда, Бишкектеги биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча жарандарды кабыл алуу үчүн ачылган түнкү стационарга барган учурда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Кубатбек Боронов: Адам өлүмүнүн санын кыскартуу үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө

COVID-19 жана пневмониянын адам өлүмүнө алып келген учурларынын санын кыскартуу үчүн аракет көрүлүүдө. Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдирди.