2025-07-01
Молдокматов, Турганбаев, Сатыбалдиев... “Замандаш” партиясы талапкерлерин жарыялады (Тизме)

Бүгүн, 19-августта Бишкек шаарында “Замандаш” партиясынын курултайы өткөрүлүп, анда партиянын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды.
"Мекеним Кыргызстан" тизмесин бекитүүдө жаштарга басым жасады

“Мекеним Кыргызстан” партиясы съездин өткөрүп, программасы жана талапкерлердин тизмесин аныктады. Анда жаштарга басым жасалып, партиянын өзөгү ар түрдүү улуттардан, аймактардан жана кесип ээлеринен турган талапкерлерден түзүлдү.
Партия лидери Мирлан Бакировдун айтымында, программанын негизги максаты өнүккөн базар экономикасы бар, социалдык багыттуу мамлекет куруу жана республиканын ар бир жаранынын жашоо шартын жакшыртуу. “Биз, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү – бир максаттуубуз жана ошол эле учурда ар тараптуубуз. Биздин саясий чөйрөдө тажрыйбабыз бар. Мындан сырткары түрдүү тармактарда иштеп келгенбиз. Жашыбыз, жынысыбыз, улутубуз, ишенимибиз, туулган жерибиз ар башка болсо да, биз биргебиз. Биз Кыргыз өлкөсүн сүйгөн үчүн гана эмес, ушул ыйык мекенибизде жашоо үчүн баардык шарттарды түзүү үчүн бириктик”,- деди ал.
“Республика” депутаттыкка талапкерлерин жарыялады (Тизме)

Бүгүн, 19-августта “Республика” партиясы съезд өткөрүп, өз программасын жана Жогорку Кеңештин депуттаттыгына талапкерлерди жарыялады.
“Мекеним Кыргызстан” съездин 19-августта ачык асман алдында өткөрөт

Бул тууралуу аталган партиянын Штабынан билдиришти.
Съезд Боршайкомдун сунуштамаларына ылайык, бардык коопсуздук эрежелерин сактоо менен ачык асман алдында өткөрүлөт: дезинфекциялык туннель, колду тазалоо жана ар бир катышуучуну бет кап менен камсыздоо уюштурулат.
Жыйындын күн тартибинде башкы маселе партиянын саясий кеңеши менен депутаттыкка талапкерлердин тизмесин бекиттүү болмокчу. Съезд жөнүндө кенен маалыматты партия эртең берүүнү убада кылды.
Шайлоо-2020: Текебаев катышпайт

Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоого катышпай турган болду. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын лидери кечээ, 17-августта Бишкекте өтүп жаткан партиянын жыйынында билдирди.
Ал мындай кадамын партияда жана саясий талаада жаштарга жол бошотуу максаты менен түшүндүрдү. “Ата Мекенди” парламенттик шайлоого Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев баштап барат. “Ата Мекенди түптөгөн лидерлери мен Текебаев, Сасыкбаева, Чотонов жана башкалар Жогорку Кеңештин депутаттыгына быйылкы шайлоолорго катышпайбыз. Биз жаңы жаш лидерлерди алдыга чыгарабыз. Жаңы доордун негизги жүгүн ошолор тартсын. Анткени алардын заманы келди”,- деди Өмүрбек Чиркешович.
“Ата-Журттун” өкүлдөрү “Мекеним Кыргызстандын” катарын толуктады

Бул тууралуу “Мекеним Кыргызстандын” Штабынан билдиришти.
Аталган партиялардын лидерлери Мирлан Бакиров менен Ахматбек Келдибеков баштаган “Ата-Журт” партиясынын айрым мүчөлөрү биригүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Анда “Ата-Журт” партиясынын алдыдагы парламенттик шайлоого өз алдынча катышуудан баш тартып, саясий ресурстарын “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен бириктирүү чечимине келгени айтылат. Ага ылайык “Ата-Журттун” өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутатттыгына “Мекеним Кыргызстандын” атынан талапкер болмокчу.
“Бул биздин партияларыбыздын тарыхында маанилүү окуя. Биздин максаттарыбыз жана көз карашыбыз бир”,- деп белгиледи “Мекеним Кыргызстандын” лидери Мирлан Бакиров.
Эске салсак, буга чейин “Мекеним Кыргызстандын” катарын “Бирик” жана “Табылга” саясий бирикмелери толуктаган.
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2021-жылы Түркиянын Изник шаарында өтөт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2021-жылы Түркиянын Изник шаарында болуп өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти.