Өкмөт дары жана медициналык жабдыктарды сатып алууда

Өкмөт тарабынан дары-дармектерди жана кычкылтек концентраторлорун сатып алуу иштери уланууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтты.
Жээнбеков: Ата мекендик фармацевтикалык өндүрүштүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонуунун жолдору каралууда

«Өлкөдө дары-дармек тартыштыгын жаратпоо өзгөчө көзөмөлдө турат. Ата мекендик фармацевтикалык өндүрүштүн мүмкүнчүлүктөрүн колдонуунун жолдору караштырылып жатат. Өкмөткө дары-дармектерди сырттан ташып келүү чараларынан сырткары, фармацевтикалык компанияларды дагы колдоо сунушталат», - деп айтты Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июлда, Бишкектеги биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча жарандарды кабыл алуу үчүн ачылган түнкү стационарга барган учурда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Кубатбек Боронов: Адам өлүмүнүн санын кыскартуу үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө

COVID-19 жана пневмониянын адам өлүмүнө алып келген учурларынын санын кыскартуу үчүн аракет көрүлүүдө. Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдирди.
Айтурган Темирова: "Бүгүнкү биримдигибиз урпактарга сабак боло турчу иш"

Кыргыз эл артисти Айтурган Темирова өлкөдөгү кырдаал боюнча жалпы кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Анда мындай деп айтылат:
Көп түкүрсө көл болот. Анатолий Гуськов тез арада операцияга муктаж

Гуськов Анатолий Александрович операцияга муктаж. Ал оор инфаркт илдетине кабылган. Операциянын баасы – 610 000 сом. Буга чейин топтолгон каражат медициналык жардамга жумшалган. Анатолий Гуськовго тез күндө операция жасалышы керек.
Бейтаптын жубайы Лидия Васильевна кайрымдуу инсандардан жардам сурайт.
Уюлдук байланыш: 0(500)959495
Ватсап: 0(999)986000
Элсом эсеби (акча которуулар үчүн): 0500959495
Айсулуу Тыныбекова Кочкорго эки кычкылтек концентраторун жиберди

Айсулуу Тыныбекова кочкорлуктарга жардам иретинде эки кычкылтек концентраторун жиберди.
Куршабдагы ооруканада таажы вирусун жуктуруп алган 10 бейтап дарыланууда. Дарыгерлердин коргоочу костюмдары жок

Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айылында жайгашкан оорукананын дарыгерлери коомчулуктан жардам сурап кайрылышты. Алар жадагалса коргоочу костюмдары жок экендигин айтып, пульсоксиметр, жасалма дем алдыруучу аппарат, дары-дармек сатып алуу керектигин айтышат.






