2025-10-16
"Адепсиз контент" жана "уяттуу бийлер". TikTok социалдык тармагы чектелди

Кытайдын кибермейкиндик администрациясы ByteDance компаниясына тиешелүү TikTok социалдык тармагына санкция жарыялады. Буга тармактын "адепсиз контенти" жана "коомдук баалуулуктардан четтетиши" себеп болгон.
Өзүбүз эле иштейбиз. АКШ виза берүүгө чектөө киргизди

АКШда 2020-жылдын аягына чейин айрым убактылуу виза түрлөрүн берүү токтотулду. Бул тууралуу америкалык лидер Дональд Трамптын жарлыгы Ак үйдүн расмий сайтына илинди.
Кытайлык окумуштуу: Пандемия 2021-жылдын жаз мезгилине чейин уланышы ыктымал

Кытайдын алдыңкы эпидемиологдорунун бири Чжун Наньшань таажы вирусу пандемиясы 2021-жылдын жаз мезгилине чейин уланышын болжолдоодо. Бул тууралуу «Жэньминь жибао» гезити жазды.
Коронавирустан улам «Оскар» сыйлыгын тапшыруу аземи эки айга жылдырылды

2021-жылы 28-февралда өтүшү керек болгон «Оскар» киносыйлыгын тапшыруу аземи эки айга, 25-апрелге жылдырылды.
Ысык-Көлдө туристтик милиция эс алуучуларды кабыл алууга даяр

Бул тууралуу облустук ИИБнин башкармалыгынан кабарлашты. Ысык-Көл облустук ИИБдин башчысы Улан Асанбаевдин айтымында, туристтик милиция коронавирус пандемиясынан улам быйыл өзгөчө тартип менен иштейт.
Аалы Карашев: Кризис жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат

— Аалы Азимович, азыр элди карантин бүтүп, өлкө кадимки жашоого качан кайтып келет деген суроо түйшөлтүүдө. Сиздин пикириңиз кандай?
— Алдын ала бир нерсе айтуу кыйын. Бардыгы өлкөдө жана дүйнөдө эпидемиянын жайылышынан көз каранды. Өкмөттүн алдында экономиканы сактоо же элдин аманчылыгын сактоо жолун тандоо турат. Учурда экинчи жолго басым жасалууда, бирок экономиканы такыр эле карабай коюуга да болбойт, себеби миллиондогон жарандардын жашоосу экономикадан көз каранды. Өлкөдө вирустук инфекциянын жайылуусуна каршы Өкмөттүк штаб жана Саламаттыкты сактоо министрлиги иштеп жатат. Алар бардык аспекттерди эске алып жатат деп ишенем.
“Балдар менен чогуу окугула, ойногула”. Аралыктан окууда балдардын жетишкендигин көтөрүү боюнча Чыңгыз Шамшиевден конкреттүү кеңештер

Тилекке каршы, мыкты уюштурулган онлайн окутуу да натыйжалуулугу жагынан кадимки окутууга жетпейт. Изилдөөлөргө таянсак, онлайн курстарда окугандардын 15% гана сабакты жакшы түшүнөт, жана аны жогорулата алат. Калган 85% болсо көңүл бурууну жоготушат, сабакка кызыгуусу жана катышуусу бара-бара төмөндөйт. Планетанын бардык окуу жайлары онлайн-окутууга өткөн пандемиянын шартында ата-энелердин окутуу процессиндеги ролун кайра карап чыгуу абдан маанилүү. Мында кеп ата-энелердин балдарынын сабакка өз убагында улангандыгын текшерип туруусунда эмес, такыр башкада... Карантин шартында балдардын окуудагы жетишкендигин кантип көтөрсө болору тууралуу БААУнун Инновациялык колледжинин Башкы директору Чыңгыз Шамшиев ата-энелерге кеп-кеңеш айтты. Бул кеңештерди колдонуу менен сиз балаңыздын окуудагы жетишкендигинин төмөндөшү эмес, өскөнүн байкайсыз.