2024-12-22
"Адепсиз контент" жана "уяттуу бийлер". TikTok социалдык тармагы чектелди
Кытайдын кибермейкиндик администрациясы ByteDance компаниясына тиешелүү TikTok социалдык тармагына санкция жарыялады. Буга тармактын "адепсиз контенти" жана "коомдук баалуулуктардан четтетиши" себеп болгон.
Андан сырткары, Кытайдагы дагы бир катар социалдык тармактар чектөөгө алынды. Өлкө бийлиги тиркемелер "уяттуу бий" жана "адепсиз тамашалары" менен коомдогу атмосфераны бузууда деп эсептейт. Эми бул социалдык тармактарга жаңы колдонуучулар каттала албайт. Huya жана DouYu компаниялары тармакта жаңыланууларды токтотконун билдиришти.