2025-01-22
БААУ Makerspace Learning and Design Center борборун ачты
Борбордук Азиядагы Америка университети Makerspace Learning and Design Center борборунун курулушун аяктады. 24-июнь дүйшөмбү күнү анын салтанаттуу ачылышы болду. Makerspace Learning and Design Center – уникалдуу билим берүү, чыгармачыл жана ишкерлик мейкиндиги болуп, анда БААУнун студенттери жана коомчулугунун башка өкүлдөрү инновациялык азыктардын прототиптерин иштеп чыгуу жана өндүрүү үчүн борбордун жогорку технологиялык жабдууларын пайдалана алышат. Борбор БААУ, Бард Колледж жана АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги USAID| American Schools and Hospitals Abroad (ASHA) тарабынан каржыланып, курулуш иштерин “Кармис” курулуш компаниясы ишке ашырды.
Какими будут школы в будущем и почему важно вносить изменения
Руководитель четырех частных школ и детского сада в Кыргызстане и Казахстане Эльнура Осмоналиева рассказала о том, почему стандартизированные программы и ригидность школ — самые большие проблемы и каким должно быть образование будущего.
ИИМ: Жол кыймылынын коопсуздугу онлайн көзөмөлдөнөт
Жайкы туристтик сезондо коопсуздукту санариптик жабдыктар менен жабдылган автоунаалар камсыз кылат. Санариптештирүүнүн алкагында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы GPS видеокөзөмөлү бар жаңы кызматтык унааларды ишке киргизди. GPS жана видеорегистраторлор глобалдык позициялоо системасына туташтырылган.
ЖКККБнын кызматкерлери биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнүп жатышат
Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери "Кызыл ай" коому менен биргеликте жол кырсыгына кабылган жүргүнчүлөрдү унаадан туура алып чыгуу жана биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнүп жатышат. Буга чейин Ысык-Көл жана Чүй облустук ЖКККБнын кызматкерлери окутулуп, машыккан. Учурда ЖКККБнын борбордук аппаратынын кызматкерлери окуудан өтүүдө.
Адылкан Бекболотовдун элесине арналган мелдештин жыйынтыгы
Бишкекте 27-30-май күндөрү айтылуу спорт ишмери, СССРдин спорт чебери, КР эмгек сиңирген машыктыруучусу, дене тарбия жана спорттун отличниги Адылкан Бекболотовдун жаркын элесине арналган спорттук иш-чара өтүп, бүгүн жыйынтыгы чыкты. Аны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин колдоосу менен Аскар Бекболотов жетектеген Адылкан Бекболотов атындагы боксту өнүктүрүү фонду жана Бокс федерациясы уюштурду.
Адылкан Бекболотовдун элесине арналган мелдеш салтанаттуу ачылды
Бишкекте айтылуу спорт ишмери, СССРдин спорт чебери, КР эмгек сиңирген машыктыруучусу, дене тарбия жана спорттун отличниги Адылкан Бекболотовдун жаркын элесине арналган спорттук иш-чара салтанаттуу ачылды. Аны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин колдоосу менен Аскар Бекболотов жетектеген Адылкан Бекболотов атындагы боксту өнүктүрүү фонду уюштурду.
“Крокус сити холлдогу” терактка катышы бар 20дан ашык адам кармалды
“Крокус сити холлдогу” терактка катышы бар делген 20дан ашык адам кармалганын Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин Бишкекте өтүп жаткан жыйынында билдирди.