2024-11-09
Адылкан Бекболотовдун элесине арналган мелдеш салтанаттуу ачылды
Бишкекте айтылуу спорт ишмери, СССРдин спорт чебери, КР эмгек сиңирген машыктыруучусу, дене тарбия жана спорттун отличниги Адылкан Бекболотовдун жаркын элесине арналган спорттук иш-чара салтанаттуу ачылды. Аны Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаментинин колдоосу менен Аскар Бекболотов жетектеген Адылкан Бекболотов атындагы боксту өнүктүрүү фонду уюштурду.
“Крокус сити холлдогу” терактка катышы бар 20дан ашык адам кармалды
“Крокус сити холлдогу” терактка катышы бар делген 20дан ашык адам кармалганын Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын директору Александр Бортников КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин Бишкекте өтүп жаткан жыйынында билдирди.
Бишкекте Адылкан Бекболотовдун элесине арналган иш-чара болот
Бишкектеги "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплексинде 27-30-май күндөрү 2010-2011-жылы туулган бокс сүйүүчүлөр арасында мелдеш өтөт. Спорттук иш-чара айтылуу спорт ишмери, СССРдин спорт чебери, КР эмгек сиңирген машыктыруучусу, дене тарбия жана спорттун отличниги Адылкан Бекболотовдун жаркын элесине арналат.
Бишкекте таштандыны мыкты иргеген мектептер сыйланды
Бишкектеги №88 мектеп 4 тонна таштандыны иргеп, 40 миң сом алды. Сынак “Эко Деми” коомдук фонду тарабынан жалпы 8 мектепте уюштурулуп, №88 жана №59 мектеп алдыга чыкты. Иш-чара “Жер Эне” долбоорунун алкагында өттү.
Эртең Бишкекте таштандыны мыкты иргеген окуучулар аныкталат
Эртең, 16-май күнү Бишкек шаарынын пилоттук мектептеринде таштандыны иргөө боюнча өткөн сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болот. Иш-чара “Жер Эне” долбоорунун алкагында уюштурулган. “Жер Эне” долбоорунун максаты - таштанды полигондоруна төгүлгөн катуу калдыктардын көлөмүн минималдаштыруу.
Свердлов округу боюнча мандаттын тагдыры чечиле элек
Жогорку Кеңештин бир мандаттуу Свердлов шайлоо округунан депутаттык мандаттын айланасындагы кырдаал дагы эле бүдөмүк. Бир нече соттук отурумдар болуп, Шайлообек Атазов мандатынан ажыратылса да, акыркы чечим чыга элек.
Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат
Бишкекте “Каганат Арена” олимпидалык даярдоо борборунун салтанаттуу ачылышы 6-майга белгиленди. “Каганат Арена” - бул спорттук жана оюн-зоок иш-чараларын, анын ичинде: күрөш, көркөм гимнастика, оор атлетика жана башка оюндарды өткөрүүгө ылайыкталган көп функционалдуу зал. Аталган иш-чара Илим жана бизнес эл аралык университетинин 10 жылдыгын утурлай өтөт. “Каганат Аренанын” ачылышына белгилүү спортчулар, университет өкүлдөрү, коомдук ишмерлердин келиши күтүлүүдө.