2023-09-28
Президент беш өлкөнүн элчилеринен ишеним грамоталарды кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн резиденциялары үчүнчү өлкөлөрдө жайгашкан Палестинанын, Кувейт Мамлекетинин, Бахрейн Падышалыгынын, Дания Королдугунун жана Грузиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды.
Президент ЖРТ боюнча "Алтын сертификат" ээлерин сыйлады

Президент Садыр Жапаров республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча "Алтын сертификаттардын" ээси болгон мектеп бүтүрүүчүлөрүн сыйлады. Мамлекет башчысы билим уясынан ийгиликтүү учуп чыгып, турмуш жолуна аттанган бүтүрүүчүлөрдү Жусуп Баласагындын саптарын келтирип, куттуктады. “Улуу ойчул бабабыздын “Билим бийик түгөнбөс, окуу — улук, адамда – ушул эки артыкчылык” деген накыл кебиндей, мектепте алган билимиңер жашооңордун бекем пайдубалы болуп, өмүр бою артыкчылык берет”, - деди Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров Монголияга мамлекеттик сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров 9-11-июлда өлкөнүн президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун чакыруусу менен Монголияга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Быйыл ЖРТга катышкандардын дээрлик 60 пайызы 110дон жогору балл алды

2023-жылы Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча 29 миң 799 адам же катышуучулардын 58,3 пайызы 110дон жогору балл алды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жалпы республикалык тестке өлкө боюнча 51 миң 73 адам катышкан.
“Ала-Арча” көрүстөнүндө Болотбек Шамшиевдин эстелиги ачылды

“Ала-Арча” тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, драматург, кинематограф Болотбек Шамшиевдин эстелиги ачылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.
Ошто мунай базасында өрт чыкты. Жабыркагандар бар

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан жеке менчик “Россия нефть” базасында өрт чыкты. Кырсык тууралуу билдирүү 3-июлда саат 18:20да кабарланган.
Ала-Арча көрүстөнүндө Болотбек Шамшиевдин эстелиги ачылат

5-июлда Ала-Арча көрүстөнүндө белгилүү кинорежиссер, СССРдин жана Кыргызстандын эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Болотбек Төлөнович Шамшиевдин эстелигин ачуу аземи болот.