2025-01-05
Маданият
СӨЗ АТАСЫ – ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВГО ПОЛВОН МУХИДДИНДЕН КАТ
Наваи бабабыздын чакан бөлмөсүндөгү кол куушуруп, адабияттын бийик чокуларына көз чаптырган далай залкар инсандардын арасынан сизге көзүм түштү, Чыңгыз ага. Колуңа кагаз, калем алып, поэзия султанынын оозунан чыккан ар бир сөзгө маани берип, кулак салып турасың. Сизге суктандым, ага.
Каспий - Жалал-Абад темир жолунун боюндагы Хавос айылынан кырк чакырым бийиктиктеги тоо этегинде, Пашшысайдын күнөстүү тарабында жайгашкан кичинекей айылда төрөлгөн сымаптай тынчыбаган мендей баланын тили апамдын айткан жомоктору, муңдуу ырлары, улуу бабабыз Алишер Наваинин газалдарынын таасиринде чыккандыгы чын.
Күнөөмдү эч тартынбастан мойнума алам: мен окуганда кыйналып түшүнбөгөн сөздөрдү мугалимден кайра-кайра сурай берип, тынчтык бербеген эң өжөр бала да мен элем. Азыр да Наваини түшүнгөндөрдөн сурай берген адатым калган эмес. Мындай учурда уялып отурбайм.
Жүрөгүмдөн бекем жай алган Физули, Бабур, Машраб сыяктуу классиктерге, ошондой эле Хамза, Гафур Гулом, Ойбек, Абдулла Каххор, Хамид Олимжон, Уйгун, Миртемир, Зулфия, Одил Якубов, Пиримкул Кодиров, Абдулла Орипов, Эркин Вохидов, Халима Худойбердиева сыяктуу ондогон өзбек акындары жана жазуучуларынын китептери менен катар сизди да “Кош, Гүлсары!”, “Биринчи мугалим”, “Жамила” сыңар чыгармаларыңыз мени менен мектепке, кой бакканга бирге барып, жылуу сандал алдында жатар эле.
Апамдын тилин алып, оң образдарга көңүл бура баштадым. Мен өзүм курактуу башка балдардай эле Фарход, Тохир, Отабек, Амон, Том Сойер, Робинзон Крузо сыяктуу лирикалык каармандарга умтулчумун, мен да алардай болгум келчү. Мен ошого сүйүнчүмүн, чокуга чыгып, бир чекитке жеткенде тартынчумун, ийгиликсиздиктен көңүлүм чөкпөй, багынбай баарын кайра баштайт элем.
Атамдын бир сөзүн көп эстейм. “Аттын бутуна чынжырдан кишен салынбайт, жаман болот. Аны жазалоо үчүн эмес, качып кетпесин деп бир кулач аркан же белбоо менен тушап койсо болот. Сен да жигит болуп калдың, тушоосун үзгөн тулпардай, Ташкентке барып окуйм деп бутуңду тиреп туруп алгансың. “Окуу, илим алуу – адамдын көркү”, - деп айтчу бабаң. Кыялдарың кулундай так секирип, ойноктоп кетпесин, акыл токтотконду бил. Улакчылар жылкыны багат, үйрөтөт, суутат, туягына така, үстүнө абзел ээр салат. Сен жакшы даярдан, уйкуңдан кеч. Уйку – колдон чыккан мүмкүнчүлүк. Медалыңа ишенбе, эгер сынактан жыгылсаң, кайра айылга келишиңди ойло. Буга чейин даап кеп айта албагандар да, экиге экини кошо албагандар да шылдың кылууга өтүшөт.
Мына, байкең үй куруп жатканыбызда окууга кирген. Ылай чылап, кыш кынап, суу ташып, дубал уруп китеп окуган. Тырышчаак болбосоң, башкалардын башын катырып, көчүрүп жүрүп күнүң өтөт. Андан же өзүңө, же мага бир тыйынчалык пайдасы жок. Руху бекем, мээнеткеч адам гана максаттарына жете алат.
Адам баласына асмандагы жылдыздар жана жердеги гүлзарлар ортосунан жай берилген. Китепти ачсаң, ичинде эмне жазылган болсо баары: сөздөр, мисалдар, формулалар тушоосун үзүп кеткен кулундай аргыштап, миңдеген жылдыздар сыяктуу көзүңө урунуп, тамырларыңда жүгүрүп, мээңе орношуп калат. Дал ушул учурда ыклас менен кишенеп жаткан жылкылар сени менен бирге башка ааламдарга учкусу келет. Илимге бекем бол”. Атам созүн айтып бүтүп, маңдайымдан өптү. Мойлоосунун кылдары сайгылады. Эми минтип өзүм алтымыштан ашып, неберелеримдин маңдайынан өөп жатканда, адам болушумда атамдын ошол сөздөрү таасир эткени жадыма түшөт. Кайтар дүйнө дегени ырас тура.
Студенттик жылдарда Плутархтын, Сенеканын, Нейхарттын, Дантенин чыгармалары аны күү сыяктуу арбап баштады. Наадандыктын жана зулумдуктун курмандыктары Абдулла Кодирийдин “Өткөн күндөр”, “Мехрибодан чаён” романдары, Чулпондун, Ризаи Андижонинин, Усман Носирдин, Максуд Шайхзоданын, Шукруллонун, Шухраттын ырлары менен кошо Саид Ахмад жана Мирзакалон Исмаилийдин аңгемелери жашоомо кирип келди. Абдулла Ариповдун, Эркин Вохидовдун, Халима Худойбердиеванын, Амон Матжондун, Мухаммад Юсуфтун ырлары мага керектуу нерселерге айланды. Алардын бирөөсүн калтырбай, окуп чыктым. Ошондо Лермонтовдун, Анна Ахматованын, Расул Гамзатовдун, Андрей Вознесенскийдин, Евгений Евтушенконун ырларын жаттап алган элем.
Ошол бейкапар заманда Пушкин, Гоголь, Чехов, Достоевский, Лев Толстой, Мухтар Ауэзов, Бальзак, Жек Лондон, Тагор, Лорка, Хемингуэй, Маркес, Джон Стейнбек өндүү терең ойлору менен жүрөгүмдөн орун алган жазуучулар менен “тааныштым”, алардын чыгармаларын азырга чейин орус тилинде окуп келем.
Дүйнөлүк адабияттын алптарынын чыгармаларына сүңгүп кирип, алардын бирин калтырбай окуп жүрдүм.
Эми, сизге, урматтуу Чыңгыз ага, саал жакындашайын. Сиз дүйнө адабиятынын асманында түркий элдердин ичинен жаркырап чыккан жылдыз, Ай, Күндөй жарык чачкан гений перзентсиз. Кайталангыс, уникалдуу чыгармаларыңыз дүйнөнүн өтө көп калктары менен бирге өзбек элинин да жүрөгүнөн орун алганы акыйкат. Сиздин биздин элибизге болгон үлкөн мээримиңиз жана махабатыңызды унутуп болобу?
Совет өкмөтүнүн Ленин, Сталин, Хрущев, Андропов, Горбачев өңдүү генсекретарлары басынтып, кемсинтип, элибиздин ар намысын, сыймыгын дүйнө коомчулугунун алдында шылдыңдап, канчалаган бейкүнөө адамдарды өзүбүздүн тузагыбызга салып, алсыз тамырыбызга балта чапкан заманда, сиз, Чыңгыз Төрөкулович, дүйнө классикалык адабиятынын эң бийик идеалдарын чыгармаларыңызга киргизип, айрыкча, өзбек элинин жан дили менен сүйүп окуган жакын досу болуп бердиңиз.
Чыңгыз ага, сиздин “Кош, Гүлсары!”, “Саманчынын жолу”, “Ак кеме”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” өңдүү адамзатты адамдык сулуулукка, боорукерлик жана жашоо карама-каршылыктары, табиятты асыроо көйгөйлөрү терең берилген ажайып китептериңизди жаш кезимден жакшы көрөм.
Махабаттын маңызын терең изилдеген “Бетме-бет”, “Жамила”, “Кызыл жоолук жалжалым”, “Бото көз”, “Биринчи мугалим” сыяктуу чыгармаларыңызды өзбек жана орус тилдеринде сүйүп окугам.
Айрыкча, жер-асман тагдыры, күчтүү философиялык, адеп-ахлактык, социалдык көйгөйлөр көтөрүлүп, өткөн-кеткенди унуткан, сезимсиз, эч нерсеге кайдыгер, баш ийүүдөн, буйрукту аткаруудан башканы билбеген маңкурттун элеси чагылдырылган “Кылым карыткан бир күн”, "Эрте келген турналар", "Тоолор кулаганда" (башка аталышы: "Кыз кайып") чыгармаларыңызды өз тилиңизде окуп, абдан таасирленгенмин. “Акбаранын көз жашы”, “Кассандра тамгасы”, “Чыңгызхандын ак булуту”, “Аскада калган аңчынын ыйы” сыяктуу орус тилиндеги китептериңизди окуп чыгып, айрым философиялык көз караштарыңызды жашоомдо жана чыгармачылыгымда кеңири пайдаланып, кем болбодум.
Сиз жылдыз сыяктуу жаркыраган сөздөрдөн мончоктой терип жараткан чыгармаларыңыз эч эскирбейт, адамзаттын мүлкү болуп кала берет.
Уландысы бар...