AUCA the best 2

2025-02-05

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Билим

Кыргыздардын кагаз жасоо технологиясы болгондугун билесизби?

Кыргыздын өз жазуусу болгондугу талашсыз, ал эми бул эл илгертен кагаз жасоо технологиясын өздөштүргөндүгүнө ишенесизби? Буга бир нече ишенимдүү далилдер бар.

 

Төмөндө бир канча далилдерди келтиребиз:

“Белгилүү академик В.В.Радлов менен профессор В.Томсен Эне-Сайдагы рун эстеликтери кыргыздарга таандык деген аныктамаларына ишенбей коюуга эч кандай негиз жок. Мен 1943-жылы СССР ИА Фрунзедеги филиалында Тил, адабият жана тарых институтунда болгонумда, енисей эстеликтери жѳнүндѳ сүйлөшүп, институттун кѳптѳгѳн кызматкерлери “эстелик байыркы кыргыздарга таандык” деген менин аныктамама каршы болушкандыгы мени ѳтѳ таң калтырды” (С.М.Малов. Түрктөрдүн енисейлик жазуусу. М-Л., 1952, 4-бет).

“...айрым басмаларда түрк элдеринин байыркы рун эстеликтерин кыргыздардын улуттук жазуусу катарында кѳрсѳтүүгѳ жасалган аракеттердинде эч кандай реалдуу негиз жок”. (Т.Усубалиев. Дружба народов-наша бесценное завоевание. Ф.,1977. 182-бет.)

Кыргыздар чанган ээнсай кыргыз кол жазмасы жөнүндө Манас эпосунда да айтылган.

Бокмурундун Нескарасына Мааникенин көз артып, аны алууга аракетин баштап, берүүнү талап кылып чатак баштайт. Бокмурун Көкөтай уулу Нескараны Мааникеге бербейм десе, Кошой:

“Кечикпестен Таласка

Кабар жеткир Манаска!

...

Акылга бай алп Кошой

Арстан Манас баатырга

Алакандай кат берип,

Арстан төрө Манаска

Түн ичинде Айдарды

Жөнөткөн экен Таласка

...

Берен Манас алдына

Басып барып жаш Айдар

Алакандай кат сунат.”

(Кыргыз Адабияты. Антология. Эпостор. 2012-ж. 133-бет.)

Алакандай кат жазып, чоң казатты токтотом деп, Каныкей да Бакайды Манаска жиберген эпизоду да бар.

Эмнегедир эл ичинде ээнсай жазуулары таштарга чегилген деген ой басымдуу кылат. Бирок жыгач-устунга, идиш-аякка, кѳчмѳн кагазына да жазылган жазуулар бар. Мисалы Санкт - Петербургдагы Азия музейинде В.Радлов, С.Малов, А.Дьяков, Н.Кротковдор алып келген ээнсай кол жазмалары сакталууда. Ал эми Лондондо, Британия музейинде сэр Аурели Стейндин (Кытайдын түндүк-батышы) чогулткан жазмалар, Париждеги улуттук китепканада да кол жазмалар бар экен.

Профессор Аннемари фон Габен байыркы ээнсай кол жазмаларын изилдеп, кытай кагазы менен салыштырып, байыркы кѳчмѳндѳрдүн өздөрүнүн кагазды жасоо технологиясына ээ болгонун далилдеген. Бирок кѳчмѳн кол жазмалары түшүрүлгөн кагаздар кытай кагаздарынан начар, бүктѳөгѳ мүмкүн эмес катуу (алакандай) болгонун жазып кеткен.

(А.фон Габен. Культура письма и печатания у древних тюрков. Зарубежная тюркология. Вып. I. М., 1986. 161-бет.)

Демек, тектерибиз өздөрүнүн кагаз жасоо технологиясы болгону далилденген факт.

Философ, профессор, доцент Нурзак Асанбеков

Интервью

 

Жаңылыктар

Что общего у хотонов и кыргызов?

Женщины в IT: В Бишкеке прошел форум Women In Tech Kyrgyzstan

Орхон-Енисей эстеликтери: байыркы кыргыз жазуусу

Кыргыздардын кагаз жасоо технологиясы болгондугун билесизби?

Улуу-Кыргыз Эл Республикасы. Кыргыздын улуулугу эмнеде?

Гаплогруппа Y-ДНК: генетическая связь семьи фараона и кыргызов

Черкес – “керкес”: Какие народы самые близкие к кыргызам по крови

В Кыргызстане введено понятие «женское предпринимательство» – подписан закон

Өзбекстандын алдыңкы мектеби беш жылдыгын белгиледи

СӨЗ АТАСЫ – ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВГО ПОЛВОН МУХИДДИНДЕН КАТ

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2