2024-07-27
Акыйкатчы сабалган эгиз кыздардын укугун коргоону өз көзөмөлүнө алды
![](/images/November_2023/akyikat.jpg)
Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева видеодо энеси сабаган эгиз кыздардын укуктарын коргоону жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Акыйткачы институтунан билдиришти.
Кийинүү жана сакал коюу маданияты тууралуу Аалымдар кеңеши эмне дейт
![](/images/November_2023/nikab.jpg)
Жогорку Кеңешинин депутатынын бетти жапкан кийим жана көлөмдүү сакал үчүн айып салуу сунушуна байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши билдирүү таратты.
Президент кыргыз парламентинин 85 жылдык мааракеси менен куттуктады
![](/images/November_2023/parlament.jpeg)
Президент Садыр Жапаров бүгүн Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып, эл өкүлдөрүн парламенттин эртеңки 85 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Кыргызстандык окуучулар Түркияда өткөн олимпиадада 22 медаль утту
![](/images/November_2023/okuuchu.jpg)
Кыргызстандык окуучулар Түркиянын Анталия шаарында өткөн XV эл аралык билим олимпиадасында 22 медаль утту. Анын алтоо алтын, 9 - күмүш жана 7 - коло. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.
Төрөбаев: Аялдардын ишкердиги – бул коомду өзгөртө ала турган кыймыл
![](/images/November_2023/orooor.jpeg)
Аялдардын ишкердиги – бул жөн гана экономикалык демилге эмес, бул коомду өзгөртө ала турган кыймыл. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө арналган «EXPO Аялдардын ишкердиги – 2023» иш-чарасында билдирди.
Бишкекте "Каганат арена" олимпиадага даярдык борбору ачылат
![](/images/November_2023/asanakiev.jpg)
Бишкекте “Каганат арена” олимпиадага даярдык борбору ачылат. Бул тууралуу “Каганат” фондунун жетекчиси Нургалы Асаналиев билдирди. Олимпиадага даярдык борбору Эл аралык илим жана бизнес университетинин базасында курулмакчы.
Эртең Кыргызстан боюнча телекөрсөтүүлөр 8 саатка өчүрүлөт
![](/images/November_2023/pult.jpg)
Кыргызстан боюнча 14-ноябрда телекөрсөтүүлөр эртең мененки саат 8:00дөн 16:00гө чейин өчүрүлөт. Бул тууралуу "Кыргызтелекомдон" кабарлашты.