2025-07-01
Бишкекте Адылкан Бекболотовдун элесине арналган иш-чара болот

Бишкектеги "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплексинде 27-30-май күндөрү 2010-2011-жылы туулган бокс сүйүүчүлөр арасында мелдеш өтөт. Спорттук иш-чара айтылуу спорт ишмери, СССРдин спорт чебери, КР эмгек сиңирген машыктыруучусу, дене тарбия жана спорттун отличниги Адылкан Бекболотовдун жаркын элесине арналат.
Бишкекте таштандыны мыкты иргеген мектептер сыйланды

Бишкектеги №88 мектеп 4 тонна таштандыны иргеп, 40 миң сом алды. Сынак “Эко Деми” коомдук фонду тарабынан жалпы 8 мектепте уюштурулуп, №88 жана №59 мектеп алдыга чыкты. Иш-чара “Жер Эне” долбоорунун алкагында өттү.
Эртең Бишкекте таштандыны мыкты иргеген окуучулар аныкталат

Эртең, 16-май күнү Бишкек шаарынын пилоттук мектептеринде таштандыны иргөө боюнча өткөн сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болот. Иш-чара “Жер Эне” долбоорунун алкагында уюштурулган. “Жер Эне” долбоорунун максаты - таштанды полигондоруна төгүлгөн катуу калдыктардын көлөмүн минималдаштыруу.
Свердлов округу боюнча мандаттын тагдыры чечиле элек

Жогорку Кеңештин бир мандаттуу Свердлов шайлоо округунан депутаттык мандаттын айланасындагы кырдаал дагы эле бүдөмүк. Бир нече соттук отурумдар болуп, Шайлообек Атазов мандатынан ажыратылса да, акыркы чечим чыга элек.
Бишкекте олимпиадалык даярдоо борбору ачылат

Бишкекте “Каганат Арена” олимпидалык даярдоо борборунун салтанаттуу ачылышы 6-майга белгиленди. “Каганат Арена” - бул спорттук жана оюн-зоок иш-чараларын, анын ичинде: күрөш, көркөм гимнастика, оор атлетика жана башка оюндарды өткөрүүгө ылайыкталган көп функционалдуу зал. Аталган иш-чара Илим жана бизнес эл аралык университетинин 10 жылдыгын утурлай өтөт. “Каганат Аренанын” ачылышына белгилүү спортчулар, университет өкүлдөрү, коомдук ишмерлердин келиши күтүлүүдө.
Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Түрк Соода-өнөр жай палаталар биримдигинин ишкер айымдар комитетинин мүчөсү болгон 8 өлкөнүн өкүлдөрү Стамбулда жолугушту. Ага: Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия менен байкоочу мүчө болгон - Венгрия жана Түркмөнстандан ишкер айымдар чакырылган.
Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

27-апрель күнү, Бишкекте Кореянын алдыңкы гинеколог дарыгери Сонг Енг Мо, Казакстандын дарыгери Даут Маканов жана онколог дарыгер, профессор Нурлан Балтабековдун катышуусунда “Бардык куракта жаштыкты сактоо” аталышындагы конференция өтөт.