2025-01-22
Билим
Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат
22-августта Ысык-Көл облусунда КМШга мүчө мамлекеттердин арасында жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн отряддарынын эл аралык кароо-сынагы өтүүдө. Иш-чара Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан башка кызыкдар ведомстволор жана уюмдар менен биргеликте уюштурулган.
Кароо-сынакка Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын командалары катышууда. Алар — өз республикасында 1-2-орундарды ээлеп келген 29 мектеп окуучусунан турган 6 команда.
Мамлекеттер аралык кароо-сынак 4 номинация боюнча өткөрүлүүдө:
- Саптык кароо;
- Жаш жол тескөөчү;
- Келечектеги айдоочу;
- Жол кыймылынын эрежелерин билген чеберлер.
Кароо-сынактын жыйынтыгы иш-чаранын акыркы күнүндө чыгарылат. Иш-чара 24-августка чейин уланат.
Толугураак https://bilim.akipress.org/kg/news:624942//?f=cp