2024-12-14
Интервью
Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери
Назира Бейшеналиева КРдеги Америкалык соода-сатык палатасынын төрайымы катары 6 жыл кызмат кылып, ал аралыкта көптөгөн улуттук жана эл аралык долбоорлорду жемиштүү ишке ашырып, бул тармакка жаңы түшүнүктөрдү киргизип, жаңычыл иштөө усулу менен палатанын ишин кыйла алга сүрөдү. Акыркы 6 жылда жасалган алгылыктуу иштер жөнүндө Назира Бейшеналиева менен маектештик.
- Саламатсызбы, Назира айым. Кыргызстандагы Америкалык соода-сатык палатасынын директорлор кеңешинин төрайымы болуп 6 жыл иштедиңиз, палатанын өнүгүүсүнө кандай салым кошо алдыңыз?
- Саламатчылык. 6 жыл ичинде биз улуттук жана регионалдык масштабда бир топ долбоорлорду ишке ашыра алдык: Борбордук Азия, Европа, Жакынкы Чыгыш жана АКШ чөлкөмдөрүндө ийгиликтүү кызматташууга жетиштик. Биздин ишмердүүлүк бардык тармакты камтыды: оболу албетте бизнес чөйрөсүндө көптөгөн ийгиликтүү долбоорлор ишке ашты, мамлекет менен бизнестин ортосундагы байланышты жакшыртууда палатанын орду бекемделди. Кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумдарга кол коюлду. Жаңы багыттар, жаңы түшүнүктөр кирди.
- Сиздин жетекчилигиңиз астында КР Америкалык соода-сатык палатасынын статусу өзгөрдү. Ушул тууралуу айта кетсеңиз.
- Ооба, 2023-жылы “Европадагы AmChams” уюмуна байкоочу мүчө болуп кирдик. Бул палата үчүн абдан маанилүү кадам болду. Анткени биз АКШ, Европа жана Евразия өлкөлөрү менен кызматташууну чыңдоого жол ача алдык. Бул мүчөлүк статус палатага стратегиялык өнөктөштүктү түзүүгө жана трансатлантикалык экономикалык кызматташтык боюнча диалогдун негизги катышуучусу катары позициясын бекемдөөгө мүмкүндүк берди.
- Сиз бизнес боюнча долбоорлорду Кыргызстанга гана эмес, көбүнчө Борбордук Азия чөлкөмүндө ишке ашырдыңыз. Бул багыттагы ири долбоорлор кайсылар болду?
- Ооба, кыргыз ишкерлеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көп басым жасадым. Бул багытта Эл аралык жеке ишкердик борбору (CIPE) менен биргеликте “Борбордук Азиядагы бизнес чөйрөсүн жакшыртуу” долбоорун баса белгилеп айта алам. Бул долбоордун алкагында 3 жыл ичинде аймакта бизнес үчүн ыңгайлуу чөйрөнү жана экономикалык коопсуздукту түзүү, бизнестеги реформаларды колдоо, каржылоо жана инвестициялык дараметти бекемдөө, аймактык жана эл аралык тармактар аркылуу АКШнын инвестициясын илгерилетүү жагына салым кошо алдык.
Андан сырткары АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен көптөгөн маанилүү долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырдык. Кыргыз бизнесинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында бизнес-турлар, дүйнөлүк масштабдагы белгилүү ишкерлер менен жолугушуулар уюштурулуп, Кыргызстанды таанытып, байланыш түзүп, экспорттук дараметти жогорулатууда алгылыктуу иштедик.
- Regional AmCham Network долбоору тууралуу да айта кетсеңиз.
- Бул долбоордун максаты - Борбордук Азиядагы AmCham мүчөлөрүнүн бизнес байланышын жакшыртуу жана аймакка чет өлкөлүк инвесторлордун кызыгуусун тартуу болду. Ал төрт негизги багыттын алкагында ишке ашырылды: Борбордук Азияда бизнес-туризмди чыңдоо, AmCham мүчөлөрүнүн ортосундагы кызматтарды тездетүү (M2M), аймакка инвестиция тартууну стимулдаштыруу, аймактык саясат жана өкмөт менен жеке сектордун өсүшүнө көмөктөшүү, ошондой эле региондо жагымдуу бизнес чөйрөсүн түзүү. Катышуучулар AmCham Кыргызстан, AmCham Тажикстан, ал эми негизги өнөктөшү – AmCham Өзбекстан болду.
Мында Дубай шаарында өткөн ЭКСПО иш-чарасына барып, ал жактан инвестиция боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөр жүрдү. Жолугушууда Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо маселелери талкууланды. Эл аралык кызматташтыктын актуалдуу маселелери, соода жана инвестиция тармагында өз ара пайдалуу мамилелерди түзүү зарылчылыгы боюнча пикир алмашуу болду.
- Сиздин демилгеңиз менен 2022-жылы кыргыз ишкер аялдарынан түзүлгөн делегация Бириккен Араб Эмирлигине барып, ал жактан маанилүү секторлорунун кызматкерлери менен жолугушту. Бул долбоор кандай жыйынтык берди?
- Бул долбоорду КР Америкалык соода-сатык палатасы жана КР Тышкы иштер министрлиги биргеликте менин демилгем менен уюштурганбыз. Иш сапарга Кыргызстандын чакан, орто жана ири бизнесиндеги 14 ишкер айым катышты. Негизги максатыбыз - Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн ортосунда натыйжалуу ишкердик байланыштарды түзүү болду. Бул долбоор эки мамлекет үчүн да жогорку мааниге ээ болгону үчүн визиттин программасы БАЭ өкмөтүнүн жогорку өкүлдөрүнүн катышуусунда түзүлгөн. Иш сапардын жүрүшүндө катышуучулар БАЭнин үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык мамилелерин ишке ашырууга жана башкаруу чечимдерин кабыл алууга түздөн-түз катышкан адамдардын кеңири чөйрөсү менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Биринчи күнү эле Кыргызстандын ишкер аялдары БАЭде аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн жана алардын ишкердигинин улуттук механизми катары кызмат кылуу үчүн иштелип чыккан Бириккен Араб Эмираттарынын Аялдар Биримдигине барышты. Программада аялдардын ишкердигинин экономикалык потенциалын көрсөтүү максатында жалаң аялдардын ишканалары чыгарган продукциялардын соода павильондорун кыдырышты.
БАЭ ишканалары менен кыргыз ишкер айымдарынын ортосунда диалогду түзүү максатында “Бизнестеги аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” деген темада семинар уюштурулду. Ал жерде мен Кыргызстандын бизнес тармагы жөнүндө кеңири тааныштырдым. Семинардын жүрүшүндө делегация мүчөлөрү өздөрүнүн бизнесинин алкагында Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн айрым аспектилерин ачып берүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Семинар тараптарга аялдардын ишкердигин колдоонун институционалдык механизмдери, өлкөлөр ортосунда жаңы экономикалык байланыштарды түзүү, соода-экономикалык кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо маселелерин талкуулоого мүмкүндүк берди.
Ушул эле күнү Бириккен Араб Эмираттарынын аялдар союзунун башкы секретары Нура аль-Сувайди менен расмий жолугушуу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүнүн билим жана тажрыйбалары менен бөлүшүп, эл аралык кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Сапардын бизнес программасынын алкагында кыргыз бизнесинин өкүлдөрү БАЭнин Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик министри Ахмед бин Али Аль Сайех мырза, ошондой эле өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугуша алышты.
Ошондой эле, FDI Dubai инвестициялык колдоо бөлүмүнүн директору Фахад Аль Тани мырза, БАЭнин Жаштар иштери боюнча министри Шамма бинт Сухайл Фарис Аль Мазруи айым, Экономика министринин орун басары Абдулла Аль Салех мырза, БАЭ Аялдар ишкер кеңешинин Төрагасы Фарида Камбар Аль Авади айым жана башкармалыктын мүчөлөрү менен жолугушуулар уюштурулду.
Жолугушуулардын жогорку деңгээли, кыргыз ишкер айымдарынын жигердүү позициясы, талкуулардын конструктивдүү темалары келечектүү кызматташтыкты курууга өбөлгө түздү жана тараптардын ишкердик кызматташуусунун ийгиликтүү моделин калыптандыруу үчүн негиз болду.
- Сиз аялдардын ишкердигин колдоо боюнча көбүрөөк иш алып бардыңыз. “Ишкер айымдар академиясы" жөнүндө кенен маалымат берсеңиз, кандай натыйжа болду?
- АКШнын Кыргызстандагы элчилиги КРдеги Америка соода палатасы менен биргеликте Кыргызстандагы аялдардын туруктуу, коопсуз жана өнүккөн коомду түзүү үчүн потенциалын ачуу жана колдоо максатында Ишкер аялдар академиясынын (AWE) программасын ишке киргизген. Мен бул долбоордо ментор болдум. “Азия банкы” да долбоордун алкагында ишкер аялдарга өздөрүнүн потенциалын ачууга, бизнесин жүргүзүүгө жана масштабдуу көндүмдөргө ээ болууга жардам бере турган билимге ээ болууга көмөктөшүү үчүн өзүнүн платформасын сунуштады.
AWE түзүлгөндөн баштап дүйнө жүзү боюнча 100гө жакын өлкөдө ишке ашырылып, дүйнө жүзү боюнча болжол менен 25 000 ишкер аялга жардам берген.
Ал эми Кыргызстандагы академия программасы алты айга созулуп, анда Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы жаңы долбоорлордон чакан бизнестин ээлери же бизнес баштоо идеясы бар 20 аял тандалып, алар мастер-класстарга жана сессияларга катышты. Жыйынтыгында катышуучулар өз дараметин ачып, өз алдынча ишкердикти жүргүзүп кете алышты.
- КР Башкы прокуратурасы менен дагы иштештиңиз. Кайсы багытта?
- КР Башкы прокуратурасы менен ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңеш түзүп иштедик. Консультативдик кеңешти түзүү ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча мамлекет менен бизнес-коомчулуктун өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу механизмин түзүү максатын көздөдү.
Бул багытта иш алып баруунун бир канча факторлор: чарбалык субъектилерге, ошондой эле бизнес ээлерине карата көптөгөн кылмыш иштери козголгону, укук коргоо органдарынын компаниялардын ишине кийлигишүүсү, негизсиз шектенүүлөр, ишкананын эсептерин жана мүлкүн камакка алуу менен байланышкан тергөө аракеттери, бардык финансылык документтер конфискацияланган тинтүү жана камакка алуулар ишканаларга ири зыян келтириши себеп болду.
Бул долбоор жемиштүү ишке ашты, азыр бизнес чөйрөсү анын пайдасын көрүп жатат.