2025-01-05
Билим
Өзбекстандын алдыңкы мектеби беш жылдыгын белгиледи
Коомдук ишмер Динара Орозбаева Өзбекстанга барып, Халима Умматкуловна Худайбердиева атындагы мектептин беш жылдыгына катышты. Аталган мектеп Сырдарыя облусунун Сырдарыя шаарында жайгашып, өлкөнүн алдыңкы мектептеринин катарына кирет.
Бул мектеп советтик жана өзбек акыны, журналист, редактор жана коомдук ишмер, Өзбекстандын эл акыны, “Хамза” атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты – Халима Умматкулова Худайбердиеванын атын алып жүрөт.
Бул мектеп өлкө башчысы Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен курулуп, учурда толугу менен президенттин камкордугуна алынган. Маданият, адабият жана искусствону даңктаган окуу мекени Өзбекстандын билим берүү тутумундагы маанилүү элементи болуп калган.
Белгилей кетсек, Халима Умматкуловна улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен жеке тааныш болуп, эки элдин достугунун бекемделишине салым кошушкан.