AUCA the best 2

2025-03-09

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

"Пери этно" улуттук брендинин негиздөөчүсү Перизат Тойчубекова бренддин баалуулуктары, кыргыз мурасын өнүктүрүү жана аны дүйнөгө таанытуу жөнүндө айтып берди. 

-

- Кыргыз улуттук кийимдерин тигүүнү качан баштадыңыз?

- Менин апам уз болгону үчүн бала кезден бизге кол өнөрчүлүктү үйрөтүп өстүргөн. Тиккенди да, саймачылыкты да апамдан үйрөнгөм.

Кош бойлуу кезимде ишкердик менен алектенгим келди. Көп ойлонуп отурган жокмун, анткени ага чейин да тигип жүрчүмүн. Башкача айтканда хоббим бизнеске айланды.

Бул тармакта ишкердикти баштаганыма быйыл 10 жыл болот.

- Алгачкы коллекцияңыз тууралуу айтып берсеңиз?

- Бизде, Таласта, аялдар мезгилге карап белдемчини үзбөй кийишет. Апам бизге белдемчи тиккенди үйрөтүп койгондуктан, жумушта дайыма белдемчи тартып жүрчүмүн. Көпчүлүк кызыгып сурачу. Анан белдемчини модага айлантуу идеясы пайда болду.

2017-жылы алгачкы белдемчилер коллекциясын тигип чыктым. 2018-жылы Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жолдомо алып, ал жакта коллекцияны эл аралык аренада көрсөттүк. Ошондон баштап, этно кийимдерге болгон кызыгуум арта баштады.

- Улуттук кийимдерге суроо-талап кандай?

- Акыркы учурда элдин улуттук кийимдерге болгон кызыгуусу жакшы, алдыда бир канча эл аралык көргөзмөлөргө барууну пландап турабыз.

- Командаңызда дизайнерлер барбы же дизайнын өзүңүз иштеп чыгасызбы?

- Командабызда дизайнер, сүрөткерлер бар. Биз ар бир кардардын суроо-талабына жараша тигебиз. Айрымдар кымбат болсо да сапаттуусуна буюртма беришсе, кээ бирлер өз чөнтөгүнө ылайыктап сурашат. Бизде жалаң премиум сегмент деген жок, калктын бардык катмарына ориентир алабыз. Негизгиси, табигый кездемелерге гана басым жасайбыз.

- Чеберлерди жумушка алууда эмнеге көңүл бурасыз?

- Биринчиден ар бир адистин чынчылдыгына карайм. Анан, албетте, өз ишин дилинен сүйгөндөрдү жумушка алууга аракет кылам. Ансыз натыйжа бир күткөндөй болбой калышы мүмкүн. Бул жумуш көз майын талап кылгандыктан, чыдамкайлык жана жогорку чеберчилик биринчи орунда турат. Бул тармакта өз ишине берилгендер гана иштеп кете алат.

- Бизнести баштаганда кандай кыйынчылыктарга кабылдыңыз?

- Каржылык жактан кыйынчылыктар болду, анткени менде баштапкы капитал жок эле. Нөлдөн баштагам десем болот. Башында миң доллар бар эле, ал кезде элүү миң сомдой акча эле. Ага тигүүчү машина сатып алдым. Бир төшөккө ылайык материалдарды алып, аны сатып, эки төшөктүк кездеме алып жатып көбөйттүм.

Бишкектеги бардык банктарга барып көрдүм, тилекке каршы пайыздык чендер өтө жогору эле. Өзүм ага чейин банкта иштегеним үчүн бардык нюанстарын билчүмүн, ошондуктан ишимди насыясыз баштадым.

- Бизнесиңиздеги эң маанилүү жетишкендик?

- Ыраазычылык айткан кардарлар – бул ар кандай сыйлык жана дипломдордон жогору турат.

- Күтүүсүз, өзгөчө буюртмалар болуп турабы?

- Күтүүсүз буюртмалар абдан көп. Кардарлар өзгөчө дизайндагы кийимдерди, буюмдарды буюртма бергенин жакшы көрөм. Кардарлардын 80 пайызы бизде бар дизайндарды алышат, калганы өзүнүн табитине басым жасашат. Биз алардын суроо-талабына жараша тигип бергенге аракет кылабыз.

- Кардарларыңыз кимдер?

- Негизинен кызын турмушка узатып жаткан апалар эле, азыр кыздар өздөрү болочок турмуш жолдошу менен келип, кылдаттык менен тандап буюртма беришет. Азыркы жаштар кийин да колдонууга ылайыктап тиктиришет. Башкача айтканда, кыздардын себи чаң басып жатпайт.

Андан сырткары, чет элде жашаган мекендештерибиз жана туристтер көп келишет.

- Учурда кайсы улуттук элементтерге суроо-талап көп?

- Биздин кардарлар сайманы жакшы көрүшөт. Колго сайылган оймолор жана туш кийиздеги чиймелерге суроо-талап көп.

- Эл аралык рынокко чыгуу пландары барбы?

- Бул 2025-жылга койгон приоритеттүү планыбыз.

- Жаңы коллекция жаратууда эмнеге көңүл бурасыз?

- Мен ар бир оймонун маанисине, тарыхына көңүл бурам. Жөн эле кооздук тигип койбойм.

Ар бир иште баалуулук болушу керек. Биздеги баалуулук – кыргыз мурасын өнүктүрүп, дүйнөгө таанытуу.

Интервью

 

Жаңылыктар

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

VIYA COSMETICS брендинин негиздөөчүсү Рахат Шарипова менен интервью

Что общего у хотонов и кыргызов?

Женщины в IT: В Бишкеке прошел форум Women In Tech Kyrgyzstan

Орхон-Енисей эстеликтери: байыркы кыргыз жазуусу

Кыргыздардын кагаз жасоо технологиясы болгондугун билесизби?

Улуу-Кыргыз Эл Республикасы. Кыргыздын улуулугу эмнеде?

Гаплогруппа Y-ДНК: генетическая связь семьи фараона и кыргызов

Черкес – “керкес”: Какие народы самые близкие к кыргызам по крови

В Кыргызстане введено понятие «женское предпринимательство» – подписан закон

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2