2025-07-01
Садыр Жапаров: Милиция кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт

Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Нарын шаарында милиция кызматкерлери үчүн курулган көп кабаттуу турак үйдүн ачылышына катышты. Анда Садыр Жапаров милиция кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөрүн билдирип, милиция кызматкерлерине батирлердин ачкычын тапшырды. Көп кабаттуу турак үйдө жалпы 60 батир бар.
Айжан Чыныбаева: Быйыл Бишкекте жаңы жылдык фейерверк болбойт

Бишкек шаарынын мэриясы быйылкы жылы жаңы жылдык салют жана шаарды кооздоо үчүн жаңы жасалгаларды сатып алуудан баш тартты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева фейсбуктагы баракчасына жазды.
Жапаров: Инвесторлор менен иш алып барууда бюрократиялык тоскоолдуктарга, пара алууга жол берилбеши керек

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарындагы «Билим булагы» билим берүү комплексине барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Садыр Жапаров «Жогорку-Нарын ГЭС каскадына» барды

Президенттин милдетин аткаруучу, Ппремьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Жогорку-Нарын ГЭС каскадына» барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
COVID-19: Ала-Букада жайма жана мал базардын иши убактылуу токтотулду

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жайма жана мал базардын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.
Орто-Сай базарындагы өрт өчүрүлдү. Жабыркагандар жок

Бүгүн түнүндө Орто-Сай базарында чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык өрт тууралуу маалымат бүгүн, 9-ноябрь түнү саат 00:18де түшкөн.
Бир күн ичинде 571 адам коронавирус жуктуруп, 5 киши каза болду

Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) 571 адамдан табылып, 5 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.