Садыр Жапаров мамлекеттик тил сынагын берди

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде мамлекеттик кыргыз тил сынагын берди. Тест лексикалык жана грамматикалык ченемдерди иш жүзүндө колдонуу, маалыматты угуп, окуп түшүнүү, өз оюн жазып жана оозеки түрүндө айта билүү жөндөмүн баалайт. Президенттин м. а. Садыр Жапаров кыргыз тили боюнча сынакты ийгиликтүү тапшырды.
Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсү оңдолуп, пайдаланууга берилди

Бүгүн, 13-ноябрда Ош шаарынын Р.Абдыкадыров көчөсү оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилди. Ага шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин депутаттары, тийиштүү жетекчилер жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
АЙЖАН ЧЫНЫБАЕВА: Бала кезден ыктыярчы болуп өстүм

Бишкек шаарынын вице-мэри, көптөгөн социалдык-экономикалык, экологиялык, эл аралык долбоорлордун демилгечиси жана жетекчиси Айжан Чыныбаева кайрымдуулук жана ыктыярчылык иштери боюнча төмөнкүлөрдү айтат.
Кыргызстандын жарандары Россияга түз аба каттамдар аркылуу учуп кете алышат

Кыргызстандын жарандары, анын ичинде студенттер жума күндөрү Бишкектен “Аэрофлот” жана “Авиатрафик” компанияларынын аба каттамдары аркылуу Россияга тоскоолдуксуз учуп кете алышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.
АЙЖАН ЧЫНЫБАЕВА: Кыргыз ишкер айымдарын дүйнөлүк аренага алып чыгуу аракетиндебиз

Бишкек шаарынын вице-мэри, көптөгөн социалдык-экономикалык, экологиялык, эл аралык долбоорлордун демилгечиси жана жетекчиси Айжан Чыныбаева менен аялдардын ишкерлиги темасында маек курдук.
АЙЖАН ЧЫНЫБАЕВА: Элдин экологиялык аң-сезимин ойгото алдык

Бишкек шаарынын вице-мэри, көптөгөн социалдык-экономикалык, экологиялык, эл аралык долбоорлордун демилгечиси жана жетекчиси Айжан Чыныбаева менен экологиялык темада маек курдук.
Бишкекте ыктыярдуу медиктер менен ыктыярчылардын штабы ачылды

Бүгүн, 13-ноябрь күнү Бишкекте ыктыярдуу медиктер менен ыктыярчылардын штабынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.






