2025-07-01
Чынаркүл Рыскулова жалпы билим берүү курстарынын мааниси жөнүндө...

Онлайн-окутууда кандай кыйынчылыктар жана артыкчылыктар бар? Студенттин өнүгүүсү жана анын келечектеги карьерасы үчүн жалпы билим берүү курстарынын мааниси канчалык? Ошондой эле, профессордун сабак өтүүсү үчүн эмне стимул болот? Ушул жана көптөгөн башка нерселер жөнүндө БААУнун “Жалпы билим берүү программалары” багытынын тең жетекчиси, доцент Чынара Рыскулова айтып берди.
Дүйнөдө 50 миллиондон ашык киши коронавирус жуктурду

Акыркы маалыматтарга караганда, дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 50 миллионго жетти. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университети билдирет. Университеттин маалыматында, бейтаптардын саны - 50 052 204. Мурдагы суткада АКШда 126 миңден ашык жарандын вирус жуктурганы маалымдалган.
Самбо боюнча дүйнө биринчилигинде кыргызстандыктар беш медаль алды

Ушул күндөрү Сербияда өтүп жаткан Самбо боюнча дүйнө чемпиондугунун экинчи күнүндө Кыргызстандын спортчулары 3 медалга ээ болушту. Кечээ, 7-ноябрда өткөн спорттук жана күжүрмөн самбо мелдештеринде эркектер жана аялдар үчүн 9 медалдар топтому ойнотулду.
Садыр Жапаров Нарын облусуна иш сапар менен барат

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров 9-ноябрда Нарын облусуна иш сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Түркияда Facebook, TikTok, Twitter жана YouTube хостингине айып пул салынды

Түркияда Facebook, TikTok, Twitter социалдык тармактары жана YouTube видео хостингине "Социалдык тармактар жөнүндөгү" жаңы мыйзамды аткарбаганы үчүн 1,18 миллион доллар айып пул салынды. Бул тууралуу өлкөнүн Транспорт жана инфратүзүм министринин орун басары билдирди. "Техникалык фирмалар биздин өкмөт тарабынан коюлган талаптарды аткарбай, контентин өчүрбөй, жергиликтүү өкүлдү шайлабаганы үчүн жазаланды", - деп айтылат маалыматта.
Садыр Жапаров кызматын 14-ноябрга чейин өткөрүп берип, президенттик шайлоого аттанат

«Мен 14-ноябрга чейин президенттин милдетин аткарууну өткөрүп берип, мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катышам», - деп билдирди президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Region TV телеканалына берген маегинде.
Көк бөрү оюнунун экинчи күнүнүн жыйынтыктары

3-ноябрда Ысык-Көлдүн жээгинде көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш башталган. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, 4-ноябрь күнү оюндун алкагында ырааттамага ылайык, алты оюн өткөрүлдү: төрт оюн Биринчи лига жана эки оюн Жогорку лигадагы командалар арасында.