2025-07-01
Чолпон-Атадагы ат оюндары көрүүчүсүз өтөт

2-8-ноябрга чейин Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо өтө турган «Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогу-2020» — көк бөрү жана башка ат оюндары көрүүчүлөрсүз өтөт. Бул тууралуу Көк-бөрү федерациясы билдирет.
Бюджетке 1,1 млрд сом зыян келтирген кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду - Каржы полициясы

Мамлекеттик бюджетке 1,1 млрд сом зыян келтирген кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Эл каттоо 2021-жылга жылдырылды

Эл жана турак жай фондун каттоо 2021-жылга жылдырылды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Эскертке кетсек, быйыл эл каттоону жаз айларында өткөрүү пландалып, бирок коронавируска байланыштуу эл каттоо жүргүзүүнү токтотуп турууга туура келген.
Окумуштуулар: Коронавируска каршы D витаминин көп жеш керек

Англиялык окумуштуулар нан жана сүткө D витаминин кошууну өкмөттөн өтүндү. Бул коронавирус менен күрөшүүдө натыйжалуу болушун айтышууда. Улуу Британиянын калкынын жарымы D витамининин жетишсиздигинен жабыркайт. D витамини балык азыктарында, жумуртканын сарысы, сүт, козу карын, апельсин ширеси жана башка азыктарда көп.
Улуу Британияда 5-ноябрдан карантин киргизилет

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун айтымында, карантин 2-декабрга чейин уланат. Эң эле биринчи коомдук тамактануучу жайлар, дүкөндөр жабылат. Бирок, мектептер менен ЖОЖдор иштей берет. Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1 011 660га жетти.
Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 39га жетти

Түркиянын Измир шаарында болгон жер титирөөдөн каза болгондордун саны 39га жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар агенттиги билдирет. Учурда куткаруучулар урап түшкөн 9 көп кабаттуу үйлөрдө иштеп жатышат. Буга чейин күчү 6,6 баллга жеткен зилзаладан 37 киши көз жумганы кабарланган.
Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркуловдун өмүр баяны

Күн мурун, 30-октябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Анаркулов Нургазы Сеитказыевич президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.