2025-07-01
Мамлекеттин казынасына 5,4 млрд сом түштү

Козголгон кылмыш иштеринин алкагында өлкө казынасына 5,4 млрд сом түштү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди. Анын айтымында, экономикалык амнистия өз жыйынтыгын берүүдө.
Жогорку Кеңештин төрагалыгына Талант Мамытовдун талапкерлиги сунушталды

Жогорку Кеңештин төрагалыгына депутат Талант Мамытовдун талапкерлиги сунушталды. Мамытовдун талапкерлиги “Республика-Ата Журт” фракциясы тарабынан сунушталууда. Эскерте кетсек, учурдагы төрага Канат Исаев президенттик шайлоого катыша тургандыктан төрагалык милдетти тапшырарын билдирген.
Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого катышпайт

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого катышпай тургандыгын “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында өзү билдирди.
Түркиядагы жер силкинүүдөн каза болгондордун саны 110 адамга жетти

Түркиянын Измир шаарындагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 110 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Тайип Эрдоган маалымат жыйын учурунда билдирди. Буга чейин 107 адам каза болгону айтылган.
Канат Исаев президенттик шайлоого катышат

Канат Исаев Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетип жатат. Бул тууралуу “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында Исаев өзү билдирди.
Көк бөрүдө Ысык-Көлдүн эки командасы жеңишке жетти

Бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында КРдин Президентинин кубогу үчүн болгон көк бөрү оюну старт алды. Анда, Ысык-Көлдүн "Мурас" жана "Жети-Өгүз", Чүйдүн "Сокулук", Нарындын "Жумгал" командалары жеңишке жетти. Бул тууралуу Topsport.kg спорттук сайтынын кабарчысы жеринен маалымдайт.
Жапаров президенттик шайлоодо административдик ресурсту колдонууга жол бербей турганын билдирди

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарынын жана облустун активи менен болгон жолугушуу учурунда алдыдагы президенттик шайлоодо административдик ресурсту колдонууга жол бербей тургандыгын билдирди.