2024-12-21
ДССУ бир жумада коронавирустун жаңы учурларынын рекорддук көрсөткүчүн каттады - 2,4 млн
Өткөн жумада дүйнөдө 2,4 миллион адам коронавирус жуктуруп алган. Бул пандемия башталгандан бери рекорддук көрсөткүч. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирет.
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын иши жандандырылды
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, коррупцияга каршы күрөшүү жана коррупциялык кылмыштарды тергөө боюнча чаралардын топтому кабыл алынганга чейин, Конституциянын 65-беренесине ылайык, өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын иши жандандырылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Кыргызстан Европадан акчалай жардам сурады
Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен телефондо сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат департаменти кабарлады.
Нариман Түлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды
Нариман Түлеев Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Бердымухамедов скандинавиялык басуу менен алектенип баштады
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов булчуңдарды чыңоо максатында скандинавиялык басуу менен алектенип баштады. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик маалыматтык агенттиги билдирет.
Монголияда бир суткада коронавирус жуктурган 2 жаңы учур катталды
Монголияда өткөн суткада коронавирус жуктурган 2 жаңы учур катталып, ооругандардын жалпы саны 326га жетти.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 36 млн куб метрди түздү
Бүгүн, 20-октябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 млрд 36 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.