2024-12-22
Түрмөк
Көк бөрүдө Ысык-Көлдүн эки командасы жеңишке жетти
Бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында КРдин Президентинин кубогу үчүн болгон көк бөрү оюну старт алды. Анда, Ысык-Көлдүн "Мурас" жана "Жети-Өгүз", Чүйдүн "Сокулук", Нарындын "Жумгал" командалары жеңишке жетти. Бул тууралуу Topsport.kg спорттук сайтынын кабарчысы жеринен маалымдайт.
Муну менен турнирдин бүгүнкү оюндары аягына чыкты.
Эртең, 4-ноябрда Биринчи Лиганын жана Жогорку Лиганын оюндары орун алат.
Биринчи лига:
9:00 — «Төш-Булак» — «Ала-Тоо»
10:30 — «Четинди» — «Келечек»
15:00 — «Ай-Тамга» — «Тору-Айгыр»
16:30 — «Суусамыр» — «Көк жал»
Жогорку лига:
12:00 — «Ынтымак» — «Сары-Өзөн»
13:30 — «Достук» — «Кара-Буура»
Айта кетсек, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүп жатат, оюнду телеканалдар түз алып берүүдө.