2024-12-22
Түрмөк
Балдар билим алышы керек. Экинчи чейректе окуучулар мектепке барабы?
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, учурда экинчи чейректе балдардын мектепке барып-келип окуу маселеси каралууда.
“Аймактарда окуу процесси облус башчыларынын, ал жактагы комиссиясынын чечими боюнча мектептердин шартына жараша карала турган болду. Ошондой эле шаарда мектепке 5-класска чейинки окуучулар же 5 жана 11-класстар бара турганын карап жатабыз. Башында эки жума байкаштырып көрүп, балдардын мектепке баруусу эпидемиологиялык кырдаалга таасир этпесе балдар мурункудай окуй баштайт. Себеби балдар билим алышы керек болуп жатат”, - деди ал.