2025-07-01
"Эпсилон" шамалы куюнга айланды

"Эпсилон" шамалы куюнга айланды. Бул тууралуу АКШнын куюндарды көзөмөлдөө улуттук борбору кабарлайт. Куюн Бермуд аралдарына жакындап калганы айтылууда. Буга чейин Луизиана жана Техас штаттарынын 400 миңден ашык жашоочусу "Дельта" куюнунун кесепетинен улам жарыксыз калган.
Шашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрүлөт

23-24-октябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Кыргызстанда парламенттик кайра шайлоо 20-декабрда өтөт

Жогорку Кеңешке депутаттарды кайрадан шайлоо 20-декабрда өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Текебаев: Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону өткөрүү күнүн белгилебесе, шайлоо күнү автоматтык түрдө белгиленет

Жогорку Кеңеш президент кызматтан кеткенден кийин 7 күн ичинде президенттик шайлоону өткөрүү күнүн белгилебесе, сегизинчи күнү шайлоо күнү автоматтык түрдө белгиленет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев билдирди.
Лукашенко тарапташтары үчүн гана бийликте турганын билдирди

Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко тарапташтары үчүн гана бийликтен кетпей жатканын билдирди.
ДССУ бир жумада коронавирустун жаңы учурларынын рекорддук көрсөткүчүн каттады - 2,4 млн

Өткөн жумада дүйнөдө 2,4 миллион адам коронавирус жуктуруп алган. Бул пандемия башталгандан бери рекорддук көрсөткүч. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирет.
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын иши жандандырылды

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, коррупцияга каршы күрөшүү жана коррупциялык кылмыштарды тергөө боюнча чаралардын топтому кабыл алынганга чейин, Конституциянын 65-беренесине ылайык, өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын иши жандандырылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.