2025-03-19
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 38 миллионго жакындады

Учурда дүйнөдө 37 707 331 киши коронавирус жуктуруп алды. Илдет 205 өлкөдө катталган.
Бутта ыйлаакчалар пайда болот. Коронавирустун жаңы симптомдору

Улуу Британия окумуштуулары коронавирустун жаңы үч симптомдорун аныкташты: бутта ыйлаакчалардын пайда болушу, булчуңдардын оорушу жана аябай чарчоо. Бул тууралуу Daily Mail жазып чыкты.
Бишкекте турмуш өз нугунда уланууда

Бишкекте 12-октябрга карата абал тынч. Шаардын коопсуздугу күнү-түнү куралдуу күчтөр, ички иштер органдары жана элдик кошуундар тарабынан камсыздалууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Этият болуңуз. Коронавирустан дагы 5 киши каза болду

Кыргызстанда коронавирус инфекциянын көбөйүшү байкалууда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 298 жаңы учуру катталды.
Мамкаттоо кызматы штаттык режимде иштей баштады

Калкы тейлөө борбору, "Унаа" мекемеси, "Кыргызпочтасы" ишканасы жана архив бөлүмдөрү 12-октябрдан тарта штаттык режимде иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
БУУ Кыргызстандагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди

Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстандагы кырдаалга абдан тынчызданып жатканын билдирди. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысы Антонио Гуттериш Twitter баракчасына жазды.
Ыйгарым укуктарыңызды токтотпошуңуз керек. Мелис Мырзакматов президентке кайрылды

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов президент Сооронбай Жээнбековдон өлкөдө тартип орногонго чейин ыйгарым укуктарын токтотпой, өлкө башчылык кызматтан кетпешин сурады. Бул тууралуу ал атайын мамлекет башчыга жасаган кайрылууда айткан.