2024-12-22
Түрмөк
Самбо боюнча дүйнө биринчилигинде кыргызстандыктар беш медаль алды
Ушул күндөрү Сербияда өтүп жаткан Самбо боюнча дүйнө чемпиондугунун экинчи күнүндө Кыргызстандын спортчулары 3 медалга ээ болушту. Кечээ, 7-ноябрда өткөн спорттук жана күжүрмөн самбо мелдештеринде эркектер жана аялдар үчүн 9 медалдар топтому ойнотулду.
52 килограммга чейинки салмак категориядагы аялдар арасындагы мелдеште Самара Абдымалик кызы жарым финалда орусиялык аялга утулуп калган. Бирок кийинки баскычта француз спортчусун жеңип алып, коло медаль тагынды.
Күрөштүк самбо боюнча мелдештерде Медербек Сапарбек уулу (62 кг чейин) жана Нурисбек Бекбердиев (82 кг чейин) коло медалга ээ болушту.
Эки күндүн ичинде Кыргызстандын спортчулары 5 медалга ээ болушту — 2 күмүш жана 3 коло.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун "Самбо Динамо" федерациясынын башкы машыктыруучусу: Самединов Нурбек. Машыктыруучулар: КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Раев Замирбек, КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Кеңеш Манапбаев. Колдоочусу: спорт чебери Равшанбек Кожобеков.