AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Жапаров дипмиссиялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары менен жолугушту

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын башчылары, ошондой эле Кыргызстанда аккредитацияланган чет мамлекеттердин ардактуу консулдары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу өз сөзүндө дипломатиянын негизги маңызы элдер менен мамлекеттердин ортосунда «алтын көпүрөнү» куруу экендигин белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстан ар дайым чет элдик өнөктөштөрү менен, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдар менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Ал ошондой эле 5-октябрда Кыргызстанда болгон окуялар парламенттик шайлоонун адилетсиз өткөндүгүнүн натыйжасынан улам келип чыкканын айтты.

Президенттин милдетин аткаруучу белгилегендей, бүгүнку күндө өлкөдөгү кырдаал турукташып, саясий процесстер укуктук талаага кайтып келди.

Садыр Жапаров азыркы учурда мамлекеттик органдардын алдында актуалдуу милдеттер — өлкөдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү, инвесторлордун ишенимин кайтаруу жана мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо коюлгандыгына токтолду.

Мамлекет башчысы ошондой эле Кыргыз Республикасы тышкы саясатын үзгүлтүксүз жүргүзүп, буга чейин жетишилген эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдердин алкагында бардык эл аралык милдеттенмелер так сактала тургандыгын белгиледи.

Ал тышкы саясаттын учурдагы артыкчылыктуу багыттарына өзгөчө басым жасоо менен Кыргызстан союздаштары жана стратегиялык өнөктөштөрү менен кызматташуусун чыңдоону уланта берерине ишендирип, коронавирус пандемиясына каршы турууда Кыргызстанга колдоо көрсөткөн чет мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга ыраазычылыгын айтты.

Президенттин милдетин аткаруучу ошондой эле Кыргыз Республикасы ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ, БУУ, ЕБ, КМШ, ТМКК сыяктуу жана башка негизги эл аралык түзүмдөр менен кызматташууга өзгөчө маани берерин белгиледи.

Садыр Жапаров дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнө иш-чарага катышкандыгы үчүн ыраазычылык айтып, Кыргыз Республикасынын эл аралык коомчулук менен ар тараптуу кызматташуусу мындан ары да бекемделе берет деген ишенимин билдирди.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2