2024-12-22
Түрмөк
Президенттикке талапкерлигин койгондордун саны 21ге жетти
Кыргызстанда президенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин саны 21ге жетти. БШКдан билдиришкендей, аларга президенттик шайлоого катышуу үчүн дагы үч талапкер арыз тапшырды.
Президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз бергендердин бири - Урустам Кабылбеков . Ал 1961-жылы 14-февралда төрөлгөн. Кабылбеков Г. Мерцбахер атындагы мөңгүлөрдү сактоо боюнча коомдук экологиялык фонддун президенти.
Дагы бир талапкер - Ильгиз Товкеев. Ал 1985-жылы төрөлгөн. Учурда убактылуу иштебейт.
Ошондой президенттикке талапкерлигин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов койгон. Ал 1984-жылы төрөлгөн. Убактылуу иштебейт.
Буга чейин президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга 18 киши арыз тапшырган:
1. Абдыкаар Сыдыков — пенсионер;
2. Адахан Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери;
3. Азамат Эсенбеков — Москва районунун мурдагы акими;
4. Аймен Касенов — РКӨФ башкармасынын мурдагы мүчөсү ;
5. Арстан Алай — активист;
6. Бакыт Бакетаев — саясатчы;
7. Бектур Асанов — Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы;
8. Жеңишбек Байгуттиев — «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси;
9. Канат Исаев — ЖКнын мурдагы төрагасы; 10. Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы;
11. Кубан Чороев — экономист;
12. Кубанычбек Кадыров — ИИМ башчысынын мурдагы орун басары;
13. Назарбек Нышанов — активист;
14. Нурлан Мотуев — активист;
15. Рашид Тагаев — «Ошгаз» филиалынын мурдагы директору;
16. Сазыкбай Турдумалиев — «Улутман» партиясынын төрагасы;
17. Элеонора Турдубекова - Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы;
18. Садык Шер-Нияз – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты.