AUCA the best 2

2024-12-23

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Сузакта самбо боюнча дүйнөлүк биринчиликтин жеңүүчүлөрүн тосуп алышты

Жалал-Абаддын эки спортчусу самбо боюнча дүйнөлүк биринчиликте коло медаль утуп алышты. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазып чыкты. 6-ноябрь күнү Сербиянын Нови-Сад шаарында өткөн турнирде алдыңкы орунду багындырган спортчуларды Сузак районунун тургундары облустагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Абсатар Сыргабаев менен бирге салтанаттуу тосуп алышты. 

Маалыматка ылайык, чемпионатка Кыргызстандан 30 спортчу катышып, алардын жетөө медаль алышкан. Сузак районунан барган спортчу Медербек Сапарбек уулу жеңишке жетүү оңой болбогонун айтат. 

"Турнирде 22 өлкөнүн спортчулары күч сынашты. Сербияга 5-ноябрь күнү учуп кеттик. 62 кг салмакта күрөштүм. Биринчи атаандашым монгол улутундагы самбочу болду, экинчиси - сербиялык спортчу. Финалда болсо орус самбочу менен күрөштүм", - дейт Медербек Сапарбек уулу. 

Нурбек Бекбердиев да коло медаль жеңип алды. 

"Ушул жылдын февраль айында Кыргызстанда күжүрмөн самбо боюнча биринчилик болгон. Андан 1-орунду багындыргам. Спорттун бул түрү менен 2010-жылдан бери машыгып келем. 2017-жылы Жалал-Абад шаардык ИИББнын "Шумкар" атайын багыттагы полкуна жумушка орношуп, бош учурда машыгып жүрдүм. Сербияга да жетекчилигимдин жана кесиптештеримдин жардамы менен бардым", - дейт Н.Бекбердиев. 

 

 

 

Интервью

 

Жаңылыктар

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2