2025-07-01
Руслан Казакбаев Тажикстанга иш сапар менен барат

19-20-ноябрь күндөрү КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстанга иш сапар менен барат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Сапардын алкагында Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин жана башка расмий кызмат адамдары менен жолугушат.
Пакистан Кыргызстандын төрт жогорку окуу жайын кара тизмеден чыгарды

Пакистан Кыргызстандагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын (КММА), Эл аралык жогорку медицина мектебин, Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетин жана Кыргыз-Россия Славян университетин кара тизмеден чыгарды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Медициналык комиссиясынын сайтында айтылат.
Ноябрь айында 20 миң адам пневмококк инфекциясына каршы эмделет

Ноябрь айында 20 миң адам пневмококк инфекциясына каршы эмделет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Кыргызстанда "Медайымга рахмат айт" маалыматтык өнөктүгү башталды

Саламаттык сактоо министрлиги "Медайымга рахмат айт" маалыматтык өнөктүгүн өткөрүүдө. Министрликтен билдиришкендей, аталган өнөктүк 16-ноябрдан 21-ноябрга чейин "Кыргыз Республикасынын медициналык билим берүүсүн реформалоо" долбоорунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Өзбекстан Кыргызстанга эки жаңы оорукана салып берет

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жакынкы күндөрү өлкөгө Өзбекстандан дагы 400 атайын оорукана контейнери жана 3 миң тонна буудай жөнөтүлөөрү күтүлүүдө. Андан сырткары, Өзбекстандын колдоосу аркылуу эки жаңы оорукананын курулушу башталат.
Бишкекке Өзбекстандан гуманитардык жүк келди

Кыргызстандын жана Өзбекстандын президенттери ортосунда жетишилген макулдашуулардын алкагында Бишкекке кезектеги гуманитардык жүк келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
Россиянын Кыргызстанга каржылык жардам көрсөтүүсүн баскыч-баскыч менен баштоо маселеси макулдашылды

Москва шаарында (Россия Федерациясы) Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Россия Федерациясынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.