2025-07-01
Эксперттен энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштар

Электроэнергетика тармагы шаарлардын өнүгүүсүн камсыз кылган негизги тармак болуп эсептелет. Азыркы учурда үй тиричилигинде болобу, же жумушта болобу, электр энергиясыз жашоону элестетүү мүмкүн эмес. Тилекке каршы бул тармак, акыркы жылдары өлкөдө керектүү мыйзам актыларын кабыл алуудагы кетирилген кемчиликтерден улам кейиштүү абалда турат. Бул абалдан чыгуу үчүн, жакынкы аралыкта өнөр-жай ишканаларынын кубаттуулуктарында тоо-кен казып алуу тарифин (крипто-валюта) кабыл алып, тездик менен энергетика министрлигин түзүү керек.
Германияда 2022-жылдан баштап желим баштык колдонууга тыюу салынат

Германияда 2022-жылдын январь айынан тарта желим баштыктарды колдонууга тыюу салынды. Аталган чечим Федералдык Кеңеште кабыл алынган. Ал мыйзамга көрө, 15 жана 50 микрометр калындыгындагы желим баштыктарды колдонууга тыюу салынды.
Президенттикке ким татыктуу? Сурамжылоонун жыйынтыгы

Москва шаарында жайгашкан Саясий социология илим изилдөө институту кыргызстандыктардын шайлоо артыкчылыктары боюнча изилдөө жүргүзгөн. Өлкөнүн бардык аймактарында жана Бишкек менен Ош шаарларында 18-25-ноябрь күндөрү жүргүзүлгөн сурамжылоого жашы 18ден жогору 7088 адам катышкан.
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 427 адамдан табылып, 6 киши каза болду

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 427 адамдан табылып, 6 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Кытай карыздын убактысын 4 жылга узартууну сунуштады

Кыргызстан Кытайдан алынган карыздын төлөө мөөнөтүн узартууну макулдашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди.
Байден: 11 миллиондон ашык мигрантка жарандык берилет

АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткенин жарыялаган Жо Байден кызматка киришкен алгачкы 100 күнүн миграция реформасына жана коронавируска каршы күрөшкө арнай турганын NBC каналына берген маегинде билдирди. Ал 11 миллиондон ашык адамга жарандык берилерин кошумчалады.
Стамбул шаарында IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитетинин жыйыны өттү

Түркиянын Стамбул шаарында Төртүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Бул тууралуу КРдин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.