AUCA the best 2

2025-11-05

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Жогорку Сот Тарых музейи жана ипподром боюнча чыккан өкүмдү жокко чыгарды

Жогорку Сот Тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ат майданы боюнча мурдагы инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарды. Маалыматты Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев тастыктады. Ал: "Сот жактоочулардын келтирген өтүнүчүн канаттандырып, мурдагы инстанциялардын чечимдерин жокко чыгарды. Эми бул соттук иш райондук сот тарабынан кайра каралат", - деди.

Улуттук тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду реконструкциялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков 18 жылга эркинен ажыратылган болчу.  Ал эми Президенттин аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаевага «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айып пул салынган.

Сапар Исаков учурда кайда экени белгисиз, ага эл аралык издөө жарыяланган. 6-октябрга караган түнү Бишкекте болгон башаламандык учурунда абактан бир топ саясатчы чыгарылган. Алардын көбү кайра камакка алынган. Сапар Исаков менен Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов абакка кайткан эмес.

Тарых музейи менен ат майданды реконструкциялоого байланышкан иш боюнча мурунку 6 чиновникке 303-берене менен айып тагылган. Мамлекетке келтирилген жалпы чыгым 247 млн сом болгон, анын ичинен 101,6 млн сом музейге, 145,9 млн сому ат майданга тиешелүү.

Тарых музейи жана ат майданды реконструкциялоого байланышкан кылымш  иши боюнча айып тагылган чиновниктер: 

  1. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков;
  2. Президенттик аппараттын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат боюнча мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаева;
  3. Мамлекеттик курулуштун башчысынын мурдагы орун басары Алмазбек Абдыкаров;
  4. Турак жай жарандык курулуш департаментинин мурдагы башчысы Шайбек Атамбеков;
  5. Шайбек Атамбековдун орун басары Улукбек Матисаков;
  6. "СМУ-3" курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Айдарбек Мендеев. 

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2