AUCA the best 2

2025-10-26

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Билим

Чыңгыз Шамшиев: Билим берүүнү жакшыртпай туруп, жаркын келечек жөнүндө кеп кылууга мүмкүн эмес

Борбордук Азиядагы Америка университетинин вице-президенти, БААУнун Инновациялык колледжинин башкы директору, Франциянын экономика илимдеринин доктору Чыңгыз Шамшиев жалпы билим берүү системасы жөнүндө кеп кылды. 

 

БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫ ЖӨНҮНДӨ...

Билим берүү системасы реформага абдан муктаж – бул бир гана Билим берүү жана илим министрлигинин маселеси эмес, бул мамлекет кам көрө турган маселе. Анткени, билим берүү – өнүгүүгө жол ача турган тармак. Эгер татыктуу кадрларды даярдай турган система калыптанбаса, көп нерсени жоготуп алышыбыз мүмкүн. Жөн гана кадрлар эмес, билим берүү тутуму өз өлкөсүнүн татыктуу жарандарын, сабаттуу коомду тарбиялайт. Эгер мунун баары болбосо, келечекте маданияты, билими төмөн муун өсүп чыгат. Ошондуктан, бул мамлекеттин маанилүү багыты катары каралышы керек.

ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ...

Адамдын жашоосунун калыптанышында жалпы билим берүү абдан маанилүү. Тилекке каршы, Кыргызстандагы жалпы билим берүү системасы рационалдуу түзүлгөн эмес. Мисалы, ата-эненин логикалык ой жүгүртүүсү төмөн болсо, анда бала да ошондой өсөт. Демек, ошондой коом калыптанат.

Бардык көйгөйлөр акыл менен чечилет. Бул жерде үй-бүлө институту, коом жана жалпы билим берүү система чоң роль ойнойт. Ошондуктан биз балдарды гана окутуп койбостон, ата-энелер менен да иш алып барышыбыз керек. Азыркы тапта дүйнөдө “ата-энелер аркылуу билим берүү” тенденциясы пайда болду. Анткени, бала мектептен башка нерсени угуп, үйдөн таптакыр башка нерсени көрсө, ал кимге ишенет? Менимче, ата-энеге көбүрөөк ишенет. Анткени, алар менен эмоционалдык жана руханий жактан тыгыз байланышта болот.

Бизде болсо, ата-энелер мектеп фондуна акча чогултуудан башка процесстерге катышпайт. Айрым гана мектептер ата-энелерди чакырып, баласынын окуудагы жетишкендиктери же кемчиликтери тууралуу айтышат. Анда да, “жакшы” же “жаман” деген баа берилет. Көпчүлүк ата-энелер начар окуган балдарын жазалашат. Бул туура эмес. Демек, ата-энелер менен иштөө ыкмасына өтүү зарыл.

АКЫСЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ...

Мамлекет сөзсүз түрдө билимди акысыз бериши керек. Берилген билим сөзсүз түрдө сапаттуу болушу зарыл. Тилекке каршы, көпчүлүк учурда мамлекет башкаруучулар элинин сабаттуу болушун каалабайт. Анткени, сабатсыз коомду башкаруу оңой. Мындай теория да бар. Ошондуктан, баары мамлекеттин приоритеттүү багыттарынан көз каранды.

Билим берүүдөгү маселелерди чечүү үчүн мамлекет бул тармакка  көбүрөөк каражат бөлүшү керек. Башка жолу жок.

Интервью

 

Жаңылыктар

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2